super.kg logo

7-Апрель окуялары боюнча сот процесси 20-июлга жылдырылды

 

7-Апрель окуялары боюнча сот процесси 20-июлга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү сот процесси Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Мурат Суталинов жана Данияр Үсөновдун жактоочуларынын жоктугуна байланыштуу 20-июль, саат 11:00гө жылдырылды. Анткени, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталгандарга карата сот отуруму сөзсүз жактоочусунун катышуусунда каралышы көрсөтүлгөн.

Айта кетсек, 23-майда Аскер соту Апрель окуясы боюнча соттолгон Нурлан Турсункулов, Алмазбек Жолдошалиев, Каныбек Жороев, Эльмурза Сатыбалдиев, Мурат Суталинов, Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунгановго карата мунапыс кабыл алган.

Прокуратура кызмат учурунда кылмыш кылгандарга карата мунапыс кабыл алынбай тургандыктан, Аскер сотунун чечими мыйзамсыз экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: