super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мага виртуалдуу дүйнө кызыктуу, анткени реалдуу дүйнөдө эч кимим жок"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Реалдуу дүйнө. Виртуалдуу дүйнө. Сизге кайсы жакта кызыктуураак?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Реалдуу дүйнөдө мага кызыктуу болсо, виртуалдуу да кызыктуу болот. Реалдууда кызыксыз болсо, виртуалдуунун мага бир грамм да кызыгы болбойт. Тагыраак айтканда, реалдуу дүйнө - бул менин жашоом, ал эми виртуалдуу - ал жашоомдун бир бөлүгү. Өтө маанилүү болбосо да, кандайдыр бир мааниге ээ болгон бөлүгү. Ух, оюмду айтам деп кыйналып кеттим. Мынча кыйнайсыңар адамды?"

"Реалдуу дүйнөдө кээ бир жерден ойлорум ичимде калып калса же ойлонууга жетишпей туура эмес сүйлөп алсам, виртуалдуу дүйнөдө баарын салмактап, шашпай ойлонуп жазууга убакыт бар".

"Мага виртуалдуу дүйнө кызыктуу, анткени реалдуу дүйнөдө эч кимим жок."

"Реалдуу жашоо реалдуу да баары бир. Кызыктын баары реалдуу жашоодо. Виртуалдууну дүйнө деп деле эсептебейм."

"Мага виртуалдуу дүйнөдө ар кимдин кыжырына тийген жагат".

"Виртуалдуу дүйнөдө чыны бар, жалганы бар. Бирок акыркы убакта виртуалдуу жашоодо да кызыктуураак боло баштады."

"Реалдуу жашоо кызык болуп турган чак. Эриккенде, ар кандай көйгөйлөрдөн баш ооруп чыкканда, маанай чөккөндө алаксып алганга виртуалдуу дүйнө жакшы.

"Реалдуу дүйнө кызык да, "миң уккандан бир көргөн артык" дейт эмеспи".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.06.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага виртуалдуу суйуунун даамын таткызганына сага чоон рахмат ардагым. Эгерде сен болбогондо мага окшогондорду(виртуалдуу суйууго кабылгандар)шылдындап кулмокмун. Ушу кантип болсун деп......
27.06.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunbeken,иии десе ...
28.06.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Виртуалдуу дуйнодо оюмду толук жазамын. Анткени мен эркинмин, мени эч ким тааныбайт.
28.06.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен болсо виртуалдуу жашоого караганда реалдуу жашоону туура көрөм. Кандай ой-пикирим болсо таанып калат, билип калат деп коркпой ачык айтам. Виртуалдуу жашоо бул өзүнө-өзү ишенбегендиктен деп эсептейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: