super.kg logo
  Саясат  

Депутат Строкова: "Балдарга кыргыз тилин күчкө салып үйрөтүү туура эмес"

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында өлкөдөгү окуу жайларына көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө маселе каралды. Анын жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз Бишкектеги мектептерде кыргыз тили сабагы жетиштүү деңгээлде берилбей жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Эне тилибиз жоголуп баратат. Баары орусча сүйлөп, келечекте неберелерибиз кыргыз тилин укпай калышы мүмкүн. Балдарыбызга эне тилин үйрөтпөсөк, 100 жылдан кийин улутубуз жок болот. Кана кыпчактар, наймандар? Булар улут катары жоголушкан. Ошондуктан мен тил маселесин Жогорку Кеңеште ар дайым көтөрөм", - деди Шер-Нияз.

Депутат Евгения Строкова кыргыз тилин үйрөнүүгө каалоо жана муктаждык керек деген оюн айтты. "Балдарга тилди күчкө салып үйрөтүү туура эмес. "Сен кыргызсың, кыргыз тилин билишиң керек, билбесең уят" дебеш керек. Тилди сүйүүгө үйрөтүү зарыл. Камчы ыкмасынан пайда чыкпайт, пряник ыкмасы керек. Бирок "пряниктерди" 1990-жылдары жеп коюшкан", - деген пикирин айтты Строкова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: