super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков Пакистандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Кази Хабиб Ур Рехманды кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 27-июнда Пакистандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кази Хабиб Ур Рехманды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди талкуулап, эки өлкөдө парламенттин демократияны андан ары бекемдөө жаатындагы жетишкендиктери жана анын келечеги тууралуу пикир алышты.

Турсунбеков элчини Пакистандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди жана натыйжалуу ишмердүүлүктү каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу тууралуу сөз болду. Эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмүнүн аздыгы белгиленип, аны транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдөө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу көбөйтүү зарылдыгы айтылды. "Өлкөнүн жетекчилиги, анын ичинде кыргыз парламенти чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жаатында болгон аракетин жумшоодо", - дейт Ч.Турсунбеков.

Төрага "CASA-1000" долбоорун ишке ашышы, Кыргыз Республикасы электр кубатын Пакистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк алганын белгиледи. "Бул долбоор жакынкы коңшулар, анын ичинде Пакистан аймагы менен байланыштарды бир топ бекемдетет", - деди төрага.

Өз сөзүндө Кази Хабиб Ур Рехман Чыныбай Турсунбековду төрагалык кызматка келиши менен куттуктады. Элчи эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык мамилелерди жандандырууга, Пакистандан инвесторлорду тартууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Соңунда Жогорку Кеңештин төрагасын эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында Пакистанга иш сапары менен келүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: