super.kg logo

14 жаштагы өспүрүм унаа уурдоого шектелип кармалды

 

14 жаштагы өспүрүм унаа уурдоого шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан 28-июнда кабарлашкандай, 11-июнь күнү Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Т.М. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда 11-июнь күнү кечинде арыз ээсинин Ак-Бата жаңы конушунда жайгашкан үйүнүн жанында токтоп турган Тойота Королла үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап кетишкен. Жоголгон унаа Сокулук районунун Ак-Жол айылынын күн чыгыш тарабындагы талаадан өрттөнгөн абалда табылган. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

25-июнь күнү "Бандит" аталышындагы рейд учурунда Сокулук РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун 14 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну кармалган. Анын мындан сырткары велосипед уурдоого катыштагы бар экендиги такталууда. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.06.2016. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оспурумдор калды еле озу машина уурдабаган.
28.06.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмненин негизинде ошо оспурумдон шектенип жатыптыр? Мындай макаланы толук кандуу чагылдырып берсенер!!!!
Тузу жок тамактай эле....
28.06.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
omu,
Кылмышкерди аныктоо, кармоо ыкмалары ачыкка чыгарылбайт.
28.06.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун кашыктап чогулткан мээнетин орттоп жиберген экен да. Ойлонушса кылаардын алдында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: