Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында 55 миллион сомго бааланган мектептин курулушу башталды (фото)








Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында 55 миллион сомго бааланган мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда SUPER.KG'ге Бакмал орто мектебинин директору Нуржан Калбердиева билдирди.
55 миллион сомго бааланып курулуп жаткан бул мектеп 275 орунга ылайыкташып, эки кабаттуу болуп салынмакчы.
"2015-жылы ноябрь айында жер титирөөдөн Бакмал мектебинин дубалдарынан жарака кетип, мектеп жабылган болчу. Буга чейин эле чатырынан тамчы тамып, ыңгайсыздык жаратып келген. Анткени мектеп 1956-жылы курулуп, эскилиги жетип калган эле. Билим берүүгө мүмкүн болбой калганда мектепти таштап чыгып кеттик, бирок окуунун жүрүшү үзгүлтүккө учураган жок", - деп билдирди Калбердиева.
Курулуш иштерин сентябрь айына бүтүрүү мерчемделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.