super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: 100 миң доллар пара алуунун жазасы 1 жылбы же 14 жылбы?

 

Бүгүн, 28-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ысык-Көлдө туристтик сезонду утурлай жагымсыз окуялар орун алууда. Эки күн мурун Чоң-Ак-Суу капчыгайында эки айылдын жаштары чырдаша кетишкен эле, бүгүн "Балыкчы шаарында теплоход жоголду" деген маалымат тарады. Аталган шаардын тургундары издөө салган теплоходдун дайынын "Ысык-Көл биосферасынын" директору билдиргенче шашты. Анын айтымында, теплоход жоголбой эле башка мекемеге өткөрүлүп берилген. Ал эми чырга келсек, туристтик сезонго карата капчыгайда боз үйлөрдү тигүүдө Кашат жана Григорьев айылдарынын 100гө чукул жаштары катышкан жаңжал чыккан. Эки айылдын эли “капчыгайдын аймагы биздин айыл өкмөткө карайт” деп талашышкан. Капчыгай Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине карайт. Мындан ары Кашат айылынын да, Григорьев айылынын да тургундары капчыгайда боз үй тигип, турист тосо албай турганын Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Өткөн жылы август айында Чоң-Ак-Суу капчыгайына жакын жайгашкан Чоң-Өрүктү айылында да уруш чыгып, ал окуя 1 адамдын өлүмү менен аяктаган. Жаңжал жергиликтүү тургундар менен айылдагы “Керемет суу” эс алуу жайынын кожоюнунун ортосунда чыккан.

Бул чырлар туристтерди тартуучу ресурстарды талашуудан улам чыгып жаткандыгы жашыруун эмес. Жылда бир келген жайкы сезондо Ысык-Көлдү жээктей отурукташкан калк туристтердин эсебинен акча иштеп калууга болгон аракетин жумшайт. Өкмөт азырынча Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын толугу менен колдонууга кирише элек. Андыктан көлгө эс алууга келген конокторго тейлөө көрсөтүү баш аламан болгон менчик тармактын колунда. Туризм тармагынан казынасын толтуруучу өлкөлөр мындайдын эбин эчак табышкан. Мисалга, алар инвестор менен мамлекеттин катышуусунда мейманканаларды куруу аркылуу жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жагын да кошо чечишет. Кыргыз жеринин табигый кооздугу туристтердин кызыгуусун жаратат. Бирок чет өлкөлөрдөн келүүчү коноктордун санын арттырууда алардын сапары коопсуз болуусу жана эс алуу баасына тете кызмат көрсөтүү да чечүүчү фактор. Азырынча Ысык-Көлдөгү пансионат, отель, конок үйлөрдөгү эс алуунун акысы эл аралык стандартка жеткени менен, сервис ал стандартка караандабайт.

Белгилүү америкалык финансист, миллиардер, филантроп Жорж Соростун айтымында, коррупцияга малынбаган президентке ээ болгондугу жагынан Кыргыз Республикасы жолдуу. Ал мындай пикирин 24-июнда “Открытая Россия” клубунда айтты. “Советтер Союзунан ыдыраган мамлекеттер жөн эле постсоветтик өлкөлөр эмес, алар башка. Канчалык таң калтырарлык болбосун, Орусиядан эң көп обочолонгон өлкө Казакстан болду. Кыргыз мамлекети эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгону үчүн демократиялык өнүгүүсүнүн деңгээли жогору болду. Коррупцияга малынбаган президентке ээ болгондугу жагынан Кыргыз Республикасы жолдуу. Башка өлкөлөр Орусиядан көбүрөөк көз каранды, андан тышкары алар алда канча алсыз. Мисал катары Тажикстанга көз чаптыралы. Батыш көңүлчөөк мамиле кылган өлкөлөрдүн бири – Азербайжан. Мен дагы узакка уланта алам, бирок мамлекеттердин бири-бирине окшош эмес экендиги – аларга карата олуттуу мамиле кылуу керектигинин далили”, - деп билдирди.

Жорж Сорос акыркы ирет кыргыз жерине 2014-жылы келип кеткен. Анын негиздөөсүндө түзүлгөн Ачык коом институту Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетине каржылык колдоо көрсөтөт.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 100 миң доллар пара алууга айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Судья Абдуразак Боромбаев Кылычбек Арпачиевди “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Эске салсак, Кылычбек Арпачиевге пара бермекчи болгон адам экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендиги дароо эле белгилүү болгон. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы өткөн жылдын март айында кармалса, май айында Карганбек Самаков "коррупция" беренеси боюнча шектелип камакка алынган. Экс-депутат Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Көп өтпөй үй камагына чыгарылган Карганбек Самаковдун соттук иши аягына чыга элек.

Туура бир ай мурун эркиндикке чыккан экс-депутат Хажимурат Коркмазов да өткөн жылдын июль айында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Адегенде “коррупция”, “опузалап пара талап кылуу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иши барып-барып “алдамчылык” беренесине которулган. Жыйынтыгында Коркмазов Бишкек шаарынын ушул эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Жогорудагы өкүмдөр Кыргыз Республикасындагы сот системи окшош кылмыш иштери боюнча ар кандай өкүм чыгарышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатат. Бул тармакта реформа жасалмайын, соттук бийликке эл дагы, эл аралык коомчулук дагы ишеним артпайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: