Бишкекте бир нече алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды

Бишкекте бир нече алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине А.Г. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 2013-жылдын 7-ноябрында Насира аттуу чала тааныш аял “жер тилкесин алып берем” деп 3500 доллар алып, бүгүнкү күнгө чейин жерден же акчадан дайын жок экенин айткан.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1961-жылы туулган Дүйшөнкулова Н.С. кармалган. Ал мындан башка дагы ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына шектелүүдө. Эгер сиз бул сүрөттөгү айымдан жабыркаган болсоңуз, (0705) 13-35-33, (0553) 10-26-87, (0701) 41-15-09, (0777) 20-71-90 номурлары аркылуу кабарлаңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.