super.kg logo
  Саясат  

Депутат чиновниктин "Кыргыз кыздарына үйлөнгөн чет өлкөлүктөргө эмне үчүн согуш ачпайбыз?" дегенине нааразы болду

 
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакыт Адылов
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилердин массалык маалымат каражаттарында сүйлөгөн сөздөрүнө көңүл бурууга чакырды.

"Эртең менен Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысыбы же орун басарыбы, радиолордун бирине чет элдик жарандардын биздин өлкөдө мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөнү тууралуу маалымат берди. Ал "Кытай жарандары кыргыз кыз-келиндерине үйлөнүп жатышса, кыргыз жергесинде туруктуу жашап калыш үчүн уруксат алууга аракет жасап жатышса, анда биз эмне кыла алабыз? Болгону 48 эле кызматкерибиз бар. Колубуздан келишинче күрөшүп жатабыз, бирок, кыргыздын эркектери, каяктасыңар? Биз 1916-жылы минтип жашабадык беле, тарыхта минтип жашабадык беле, эмне үчүн бүгүнкү күндө биздин кыздар кетип жатышат? Эмне үчүн согуш ачпайбыз?" деп жатат. Бир жагынан мен таң калдым, экинчи жагынан уялдым. Ошол мамлекеттик кызматта иштеген адам ушинтип сүйлөйбү? Радионун алып баруучусу, байкуш, чиновниктин сөзүн бурмалаганга мажбур болду", - деди Казакбаев. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат менен макул болду.

Айта кетсек, депутат Казакбаев айтып жаткан чиновник Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакыт Адылов экендиги белгилүү болду.






Депутат чиновникти сындады (29.06.2016)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: