КҮНСЕРЕП: "Кумтөр" өкмөттү ийге келтирди
Бүгүн, 29-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
“Кумтөр” 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананы үзгүлтүксүз иштетүүгө талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ болду. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги “Кумтөр” кениндеги борбордук карьерди иштетүү долбооруна экологиялык макулдашууну бергендигин компания бүгүн жарыялады. Муну менен ишкананын кенди иштетүү долбоору бекитилди. Башында экологиялык маселелер улуттук мыйзамдардын негизинде жөнгө салынарын айтып компанияга керек болгон уруксат кагаздарын бербей жаткан кыргыз өкмөтү 1 айдын ичинде позициясын 100 пайыз өзгөртүп, экологиялык маселелер тирешинде бир кадам артка чегинди...
2016-жылдын 6-июнунда "Центерра" компаниясы "Кумтөр" долбооруна байланышкан талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергенин маалымдаган. Компания экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 6,7 миллиард сом айып пул төлөөгө макул эмес. Ага чейин компания Бишкек шаардык райондор аралык соту тарабынан доого жыгылган эле. Эл аралык арбитражга жөнөткөн дооматында “кыргыз өкмөтү бир катар уруксат кагаздарын бербей кечиктирип жатат” деген. Ошентип, өкмөт талап кылынган уруксат кагаздарынын эң акыркысын 27-июнда бергени белгилүү болду. Мындай моюн сунуусун өкмөт “мамлекеттик органдар тараптан "Кумтөр" кенинде иштин үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү үчүн уруксат берүүлөр компанияны экологиялык талаптарды сактоо милдеттеринен бошотпойт” деген билдирүү менен актоого аракет кылды. Кыргыз соту мындан 1 ай мурун “канадалык компания иш процессинде экологиялык талаптарды бузган” деп чечим чыгарганы суу кечпей калды, сыягы... “Центерра” сот тарабынан салынган айыпты төлөй элек. Ошол эле учурда өкмөттүк органдардын башчыларын тийиштүү уруксат кагаздарына кол койдурууга жетишти.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыздын намысы талкууга түшкөндө патриоттуулук көрсөткөн 2 айымга сый көрсөттү. 28-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинде президенттин атынан Москвада иштеген эки мекендешибиз Рысалат Карабаева менен Гүлжамал Кожоева сыйланды. Үстүбүздөгү жылдын май айында Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы казакстандыктар менен жолугушууда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу сөз кылып, “өлкөсүндө жумуш, келечек жоктугунан кыргыз кыздары Орусияда даараткана тазалап жүрүшөт” деп, кошуна өлкөдөгү мындай абалга намыстанарын билдирген эле. Мындай билдирүү өзгөчө сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктарга катуу тийген.
Орусиядагы кыргыздардын биримдиги быйыл март айында Өзбекстандын чек арачылары Аксы аймагында жол тоскондо да көрүнгөн. Орусияда иштеген Аксы жана Ала-Бука райондорунун уул-кыздары элчиликке чогулушуп, чек арадагы оорлоп бараткан кырдаалды батыраак жөнгө салууну өлкө жетекчилигинен өтүнүшкөн.
Президент Атамбаев тарабынан сыйланган жарандар казак министрине жооп иретинде даярдалган “Орусиядагы кыргыздар казак министрине жооп беришти” деген аталыштагы видеороликтин каармандары. Алар ак эмгек менен каражат таап жаткандарга министр тарабынан айтылган пикир сылыктык эместигин билдиришкен. Орусиядагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев айымдарга акчалай сыйлык жана белектерди тапшырганы белгилүү болду. Өлкөдөгү жумушсуздуктун, чарасыздыктын айынан сыртта кара жумуштарда иштегенге аргасыз, ошентсе да Кыргыз Республикасы үчүн жан үрөп жаткан мекендештер үчүн ажонун көңүл буруп койгону көңүлдөрүн сооротту, келечекке кичинекей үмүт жаратты.
Түркия кезектеги ири террордук чабуулду башынан өткөрдү. Стамбул шаарынын “Ататүрк” аэропортунда 28-июнда саат 22:00 чамасында эки жардыруу болду. Алааматтан 36 адам каза таап, 147 адам жаракат алды. Жабырлануучулардын арасында жаш балдар да бар.
Окуядан каза тапкандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Тышкы иштер министрлиги ушундай билдирүү таратып, жардыруу болгон түнү Стамбул-Бишкек багыты боюнча саат 21:35те жана 00:35те эки каттам бар болгонун белгиледи. Аталган каттамдар боюнча билет алган кыргыз жарандарынын саны такталып, каза тапкандар болбогону аныкталды. Ал эми жаракат алгандардын арасында 1 кыргыз жараны бар экенин аталган шаардагы Кыргыз Республикасынын консулу Руслан Молдакунов кабарлады. Айтымында, жабыркаган 17 жаштагы Бахтияр Юнусовдун абалы канааттандырарлык. Президент Алмазбек Атамбаев Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтып, жалпы түрк элинин кайгысын бөлүшөрүн, кыргыз мамлекети террорчулуктун бардык түрүн кескин сындай турганын билдирди. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым бул кылмышка “Ислам мамлекети” тобун айыптады. Жаракат алгандардын арасында оор абалдагылар бар, каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
Соңку жылдары Түркия террорчулардын бутасына айланды. Бул окуялар улуттук коопсуздукту бекемдөө жагынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына да сабак болууга тийиш...
кошулду


