super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Улуттук университеттин 30дай окутуучусу Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, бирок алар менен жолугушууга эч ким чыккан жок (фото)

 

Бүгүн, 30-июнда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган окурмандын айтымында, алар менен жолугушууга Өкмөт үйүнөн эч ким чыккан жок. Митингге чыккандар окуу жайда өткөн тандоо сынагынан өтпөй калышкандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине нааразы болушууда.

"Окуу жайдын жетекчилигине каршы пикир айтып жүргөн окутуучулар, декандар сынактан өтпөй калышты. Ошондой эле жетекчилик куугунтукка алып жатат. Ошондуктан сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурдук, бирок бирөө да чыккан жок. Азыр Ак үйдүн алдына келдик", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.06.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоон эле отурушпайбы орозонун кунундо. дагы кайдагыны башташпай
30.06.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар ким озун куноолобой бироодон коруп озуно озу баа бербесе заманыбыз тынчыбайтко билимдуу илимдуу баарын таасын так билген адамга эч ким тоскоолдук кыла албайт башкага шылтоолоп туура эмес кадамга барганча озунорго баа бергиле. Текшеруудон ото албагандардын демек билими начар андайлардын иштеп кажети жок. Ал кимге жеткиликтуу билим бере алат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: