super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Кыргыз эли дагы деле -ов, -ова, -ович, -овна бойдон калууда

 

Бүгүн, 30-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына окурмандан Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге суроо келген. Окурман баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн мисалында “Эмне үчүн мамлекеттик документ мамлекеттик тилде толтурулбайт?” деп суроо салган. Ошондой эле аты-жөндү жазууда кыргызга жат -ов, -ова, -ович өңдүү мүчөлөрдөн качан баш тартабыз, мекеме ушул ишти качан колго алат дейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы “Документтер эки тилде, кайрылуучулардын өз ыктыяры менен толтурулат. Мамлекеттик мааниге ээ документтердин баары мамлекеттик тилдин нормасында жазылыш керек деген талап мыйзамдын негизинде коюлса, Мамлекеттик каттоо кызматы Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирдикте мамлекеттик тилдин гана нормасында бардык документтердин үлгүсүн иштеп чыгууга даяр” деп жооп узатты.

Эмне иш кылып элдин көзүнө көрүнөрүн билбей урунуп-беринип жүргөн депутаттар үчүн бекер "шпаргалка". Паспорт жана башка мамлекеттик документтер мамлекеттик тилде жана эл аралык тилде толтурулсун деген мыйзам иштеп чыгуу керек. Ошондой болсо элди улам документтерди англис тилине котортуп, нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү убарасынан кутултушар эле.

Ар бир өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн белгилер, аталыштар, аты-жөндөрү көрсөтүп турат. Саакашвилинин грузин, Галустяндын армян экендигин дароо түшүнөбүз. Ага карабай кыргыздар баягы СССРдин заманынан "мураска" калган -ов, -ев аталып жүрөбүз. Биометрикалык паспортторго өтүү алдында мына ушундай учурларды кошо оңдоп-түзөп кетүү зарыл, паспортто аты-жөндөрдү улуттук калыпка келтирүү үчүн башка өлкөлөрдөн кайрадан кредит же грант сурап отурбай.

Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Демилгечи депутат, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Тазабек Икрамов токтом долбоорунун даярдалышын “улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн сактоо” деп түшүндүрдү. Алгач долбоордо “Ак калпак күнү” деп сунушталган, талкууда депутат Гүлшат Асылбаеванын сунушу менен “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” деп өзгөртүлүп, депутаттар колдоого алышты. Документке ылайык, мындан ары сыртта жасалган калпактарды өлкөгө киргизүүгө да тыюу салынганы жатат. Аны ким көзөмөлдөөрү, демилгенин канчалык ишке ашары азырынча белгисиз.

Депутаттар символикалык жактан эч бир тиешеси жок эле бир күнгө – 5-мартка байлоо менен улуттук кийимдердин баркын көтөрүүнү туура көрүшкөнү кызык. Жыл сайын 3-мартта Мамлекеттик желек күнү белгиленет, анткени ошол күнү эгемен кыргыз өлкөсүнүн туусу кабыл алынган. Туу – мамлекеттин башкы атрибуттарынын бири. Кыргыз мамлекетинин желеги кабыл алынган күндү Кыргыз элинин улуттук күнү кылып, бул күнү улуттук кийимди да, улуттук оюндарды да, ашкана, каада-салтты да даңазалап, жайылтуучу иш-чараларды өткөрүү маани-маңыздуу болмок...

Калпак менен элечек баштаган улуттук кийимдер 1 күн кийилип, жылдын 364 күнү сандыкта жатпай, колдон келсе күн сайын кийилиши керек. Эң оболу расмий иш-чараларда, жолугушууларда парламент депутаттарынын, чиновниктердин башынан түшпөшү зарыл эле. 2014-жылы депутат Дамира Ниязалиева чиновниктерди эл аралык жолугушууларда улуттук колоритти чагылдырган элементи бар кийим кийүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун демилгелеп, парламенттен колдоо таппай калган. Ошол кездеги 5-чакырылыштын депутаттарынын бир тобу бүгүн да парламентте отурушат.

Бир күн көчөгө калпакчан чыгып майрамдоо менен маселе чечилип кетпейт. Бул жолу депутаттар популисттик мамиле кылышканы көрүнүп турат. Элдин аң-сезимине улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө багытталган мыйзамдарды жазып, аны коомго түшүндүрүп, ал мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө караганда бир күндү майрам кыла коюу алдаганча оңой жана ашыкча баш оору жаратпаган иш...

Калпак күнү деген макам берип атайын токтом даярдоого шаштырган муктаждык деле жок болчу. Балдарды педофилдерден коргоо, билим берүүнүн сапаты көтөрүү, калктын ден соолугуна кам көрүү, экстремизм, терроризм коркунучтарынын алдын алуу, чет жерде кыйналып жаткан мигранттарга жардамы тийчү мыйзамдарды жазуу... Чечилбей жаткан көйгөй толтура. Олуттуу көйгөйлөр шаштыны кетирип турганына карабай депутаттар майда-барат маселелерге убакыт коротууга өтүштү. Айтор, депутаттын кыларга иш жокто көтөрүп чыккан демилгесине окшошуп калды. Ошентип, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы калпак менен ишти жыйынтыктап, 2 айга жайкы каникулга кетишти.

Эстрада жылдызы Кайрат Примбердиев Орусиянын дагы бир сынагын багынтууга бел байлады. Ырчы “Голос” теледолбоорунун тандоо турунан өтүп, эми кийинки баскычка даярдык көрүп жатканын жарыялады. "Тандоо турунан өттүм. Ошондой эле бул турда орусиялык ырчы Александр Панайотов менен чогуу болдук, тандалып алынгандардын арасында ал да бар", - дейт ырчы.

Примбердиев 2015-жылы Орусиянын “Главная сцена” сынагынын финалына чейин жетип, Кремль Сарайында өнөрүн тартуулаган. Ырчынын ар бир сахнага чыгуусунда орусиялык шоу-бизнес дөө-шаалары анын талантына суктанып бүтө албай жатышат. Ырчыны колдогон чет элдик күйөрмандар да аз эмес экени сынактардын жүрүшүндө даана көрүнүүдө. Элинин саны, экономикасы менен атаандаша албаса да өлкөбүз өнөр адамдары менен Орусиянын бийик сахналарын багынтууда.

Ал эми таланты менен өлкөбүздү дүйнөгө тааныткандардын дагы бири Атай Өмүрзаков кийинки жылы Кыргыз Республикасынын атынан жер кыдырып, дүйнөлүк чоң сахналарда 3D форматында шоу тартуулоого камынууда. Жакында бийчи “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде кыргыздын “Кара жорго” бийин дүйнөлүк масштабга алып чыгуу планы бар экенин да билдирди. Атай Өмүрзаков дүйнөлүк сапарга каражат керектигин жазып коомчулукка жарыялаганда өлкө жашоочулары эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан акчалай колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиргендер көп болду. Мамлекетибиздин желеги дүйнөгө таланттар аркылуу желбиреп жатышы сыймык. Эл аралык сынактарда жеңишке жеткен ырчылардын эмгегин “биздин ишибиз” деп өзүнүн отчётуна киргизүүгө маш өкмөт бул жолу таланттарга акчалай же моралдык колдоо көрсөтүп койсо жарашмак...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: