super.kg logo

Депутаттар аянты 5 гектарга чейинки сугат жерлерди бөлүп сатууга тыюу салышты

 

30-июнда Жогорку Кеңеш айыл чарба багытындагы сугат жерлерди сактап калуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев.

Текебаевдин берген маалыматына караганда, КРнын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун мурдагы чакырылыштагы тармактык комитет үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мыйзам долбоору каралбай калган.

Бул мыйзам аркылуу аянты 5 гектарга чейинки сугат жер тилкелерин бөлүп сатууга тыюу салуу каралган. Демилгечинин пикиринде, мыкты жерлердин катарына кирген сугат жерлерин майдалап сатуу алардын түшүмдүүлүгүн азайтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
законду эч ким тоготпой калды.Тууганым окубай туруп 5минге права 10минге военный билет алып Россияга кетти.Буга окшогон закон бузуулар толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: