super.kg logo

"Майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсияң бар деп жөлөк пул бербей коюшуп, көчөдө калдым" дейт 5 баланын энеси

 
Махабат Сулайманова жашаган батир
Сулайманованын батириндеги сыналгы
Эртең мененки тамактануу

Бишкекте Ак үйдүн алдына 6 айлык баласын колуна кармап митингге чыгып, президентке кайрылып турак жайдан жардам болор деген үмүткө жетеленип жүргөн Баткен шаарынын тургуну Махабат Сулайманова туурасында кеңири маалымат берүүгө аракет жасадык.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, 5 баласы менен Бишкекте кээде ачка калып, кээде ток болуп кыйын күндөрдө жашап жаткан жалгыз бой эне Махабат Сулайманованын батирдеги жашоо-турмушу менен тааныштык. Ал батирди "Ош базарынын" тегерегинен тапкан.

"Баткен шаарында жашаганга жерим жок 5 балам менен Бишкекке келе бердим. Бул жакта тааныш эжеге жолугуп калып, ал эже убактылуу жашаганга бир бөлмө таап берди. Ага жолукканга чейин күнүнө 100 сом төлөп ар жерде жашап жүрдүм. Жашаган жерим аябай начар. Эч жактан киреше жок. Жашоом күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Батирге бир ай үчүн 2500 сом таап бере албай жатам", - деп билдирди Махабат Сулайманова.

"Жолдошум балдарын карабай кетип калган. Андан эч кандай жардам болбойт. Эки жолу турмушка чыктым. Турмушумду алып кете алган жокмун. Биринчи күйөөм ичип кетип ажырашсам, экинчиси балдарымды өгөйлөп, уруш-жаңжал көбөйүп, мага кол көтөрө баштады. Аргасыз ажырашууга туура келди. Экөө менен тең нике тууралуу документ алган эмесмин. Балдарыма жалгыз бой эне деп күбөлүк алгам", - деп кошумчалады Сулайманова.

Сулайманова: "Майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсия алат экенсиң деп Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу жөлөк пул чегербей койгон. Мени карабай, таптакыр көңүл бурбай жатышат", - дейт.

Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулуна байланыштык.

"Биз бул келинге жардам берүүгө аракет жасап жатабыз, бирок анын балдарынын документтери так эмес болууда. Учурда Баткен шаардык сотуна кайрылып жатабыз. Алимент албайт деген тактама берсе, башка документтерин тактап жөлөк пул чегерип берүүгө даярбыз", - деп билдирди ал.

Махабат Сулайманова тууралуу бул маалымат даярдалып жатканда Алмаз Эрмамат уулу бизге байланышка чыгып, Махабат Сулайманованы Баткенге чакырып, жол акысын жана жолдогу тамак-ашка кеткен чыгымын толугу менен төлөп берерин айтты.

"Майыптыгым боюнча 3 миң сом пенсия алам. Айылга кетүүгө акчам жок кыйналып жатам. Балдарыма жөлөк пул бербей жатат деп Ак үйдүн алдына митингге чыгып, SUPER.KG`ге берген маегим коомчулукка чыккандан кийин Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу телефон чалып мени чакырды. Жардам берет окшойт", - дейт Сулайманова.

Сулайманованын экинчи уулу Имамалы уулу Ильяз колунан калемин түшүрбөй сүрөт тартып, жазуу менен алектенет. Апасынын жана инилеринин ачка отурганын түшүнгөн ал кечкисин токтоп турган унааларга, ашкана, кафелерге жана үйлөргө барып жарамазан айтат. "Жарамазан айтып тапкан акчамды апама алып келип бердим. Апам бизге нан, шириндиктерди алып берди", - дейт Ильяз.

Бактылуу балалык, жайкы эс алуу, балдар менен сууга түшүү мында турсун, оюнчуктары да жок.

Жайкысын кышкы өтүк кийип жүргөн Искендер "келечекте апамды ыйлатпай багам" деген аруу тилекте.

"8-класста окуган улуу балам жайкы каникулда базарда араба тартып, бизди багууга аракет кылчу. Ал азыр айылга кетип калды. Калган балдарым кичине болуп жатат. Бишкекте социалдык коргоо бөлүмүнөн келип, балдарыңды толук кандуу карай албайт экенсиң, балдар үйүнө алып кетебиз дешкенинен бербей койдум", - деп кошумчалады Сулайманова.






Махабат Сулайманованын тагдыры

2-топтогу майып: "5 балам менен көчөдө калдым"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
04.07.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boor achyit, okumot karasa bolot jemkorlordu oozduktap
04.07.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карап жардам беришсе сооп деле болмок.АКШнын асман тиреген бийик имараттардан уй алган атка минерлер жардам берип койсо болмок.Сизди коруп боорум ооруду,албетте эч жактан киреше келбесе,озунуз минтип жаш балдар менен кыйын,акыры айтат эмеспи,бир жожого да жем керек деп.Кана колумдан келсечи.
04.07.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ылайым эле кудайым бул уй булоону эч нерседен кем кылбасын деп тилеймин бирокчу менде ушундай суроо туулатта озу майып болуп туруп тийген куйоолору безнадежный экенин коруп туруп эмнеге торойт деймда мейли экинчи баласына чейин жаш экен дейли а учунчусундо билетда сактанганды баланы кудай берди деп эле торой бербей ойлонуш дагы керекго буларды кантип багам деп.Катуу айтсам эже мени кечирип койсун балдарыныздын жолу шыдыр келечеги кен болсун
05.07.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidiger,сактанганга да врачка барып концультация алып кыскасы акча кк да,акча жоктугунан боюнда болду кээ бирки энелерге окшоп баланы алдырып же тороп таштап кетип калбаган кудайым коруп тургандыр бир кун болбосо бир кун бул эже жакка да кун тийээр,бирок картайганда калжандап жаш кыздарды жыргатпай ушундай уй булолоорго жардам берсе эркектер аябай сооп болбойт беле.Бул эженин дарегин кайдан тапса боло тхотя 1000 сом берсем да жардам берейин.
04.07.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул уй булоого жардам берейли Айт майрам кундорундо мусулман туугандар.3000 деген эмнеге жетет.
04.07.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай сыналгыны коруп эле журобузго биз. Балдарыныз акылдуу, ыймандуу болуп чонойсун
SUPER.KG видео
04.07.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куноону аялдын озуно койдум.Эмне учун 3 балалуу болгондо ажырашат?Ажырашып жатып ойлонбоду бекен балдарын?Балдарына бактылуу жашоо керек эле го...Жактырбай ажыраштым дегенине куйосун да куйосун!Апасынын кайдыгерлигинен балдары байкуш кыйын кундо эми...
04.07.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым элдин жолокпулу окмотту тешип чыксын.Атамбаев менен байланышы барлар айтып койгулачы сураныч жемкорлукту айылдан райондордон баштасын миллионду жегендерди туткан менен онуп оспойбуз, 100сом200сом жегендердин оозун тыйыныз ошондо онугобуз.
05.07.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жерде окуяны башынан уксанар 3 баласы менен күйөөсүн жактыра албай кетип калган деп атат. Жактыра албаган адамынан 3 баланы төрөсү не жактырган адамынан 30 баланы төрөйбү. Эркекти чанып кеткен аял акыры барып кор болот бул жашоонун практикасы. Жаман болосо да эркекти чанбаш керек 3 бала менен эгер баласы жок болсо бир жөн. Балдарын чоңойтсо деле кийин атасын издеп кетип калышат. Баари бир кор болот. Айла жок колу менен жасаганын мойну менен тартат.
05.07.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул келининге сын такпай кайра жардам бербейлиби 100сомдон болсо да. Жашоодо жанылбаган ким бар экен. Ушунчалык эле акылынар ашып сындап жатасынар же сын таккандан башкага акылынар жетпейби? Админ кантип байланышсак болот? Аз да болсо жардам берип койолу
Медиа-портал
05.07.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сын деле такпайсын эми дагы эрге тий анан 3ну торосон кийинкин дагы огойлойт азыр кыргыз эркектерде бир да жоопкерчилик жок ошону кичине ойлонолу айланайын кыргыз айымдар куйосун куйосун негрге тий эгер алса не болсо да каралашат
SUPER.KG видео
05.07.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деп айтуунун озу кыйын азыркы жалган палит кииир заманда. Чыдап жашаш керек бала учун. Емнеге екинчи ерге тийесиз азыркы заманда еркектерге ишенип болобу койнунда жаткан ерин алдап турса . Аллахым сабыр ден соолук балдарынызна ыйман берсин.Балдарыныз жарым жартылай жетим кылбай жаманбы жиндиби чыдап жашаш керек еже жашоо болгону ушул . Бала деп баарына чыдап жашап жатабыз бир еле жашоо до кыйналган сиз емессиз.
05.07.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжеге кандай байланышсак болот экен?
SUPER.KG видео
05.07.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай кыйын! Жардам берип коюшса жакшы болмок, балдары учун.
Медиа-портал
06.07.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дарегин берип коюнуздарчы.
Медиа-портал
06.07.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
или тел.номери деле болот
Медиа-портал
06.07.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарына эле кыйында.Энеси озу эле шарт тузуп бериптир балдарына биринчи куйоосун жактырбай кеттип калганы эмнеси уч баласы менен 2-жашоосун баштабаш керек болчу.
аллахым жардам берсин!!!!!
SUPER.KG видео
07.07.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылыныз эми балдарыныз дын жакшылыгын корунуз
07.07.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu, RONNI, bakyt9, janka7, сиздердин сурооңуздарга купуя аркылуу жооп берилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: