super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Барак Обаманы Америка Кошмо Штаттарынын көз карандысыздык алгандыгынын 240 жылдыгы менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы Америка Кошмо Штаттарынын көз карандысыздык алгандыгынын 240 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы өз телеграммасында кыргыз-америкалык алака-катыштардын жогорку деңгээлин жана демократияны, коопсуздукту чыңдоо чөйрөлөрүндө, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүүдө өз ара жемиштүү аракеттерди канааттануу менен белгиледи.

"Биздин өлкөлөр ортосунда достук, стратегиялык жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелер мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык нугунда өнүгө берерине ишенем", - деп белгиленет телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обамага чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалап, ал эми дос Америка элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү тиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: