super.kg logo

Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп жаткан адамды куткарууга баргандар чөгүп кете жаздашты

 
Айдарбек Мамытов
Жайлообек Жусупбеков (солдо)
Чөгүп кеткен адам

Кечээ, 4-июлда болжол менен саат 12:30дарда Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп жаткан жаранды көргөн "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери Айдарбек Мамытов менен Жайлообек Жусупбеков аны куткарууга аталган каналга түшүп, өздөрү чөгүп кете жаздашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Айдарбек Мамытов бүгүн, 5-июлда билдирди.

Айдарбек Мамытовдун айтымында, кесиптеши экөө Лермонтов көчөсү менен бара жатканда жардамга чакырып, чөгүп жаткан адамды көрүшкөн. Алгач "Тез жардам" кызматы менен куткаруучуларга байланышып, алар келгиче кеч болот деген ойдо куткарып калууга аракеттенишкен.

"Куткаруучуларга телефон чалсак, алар 20 мүнөттөй убакытта келишерин айтышты. Ага чейин чөгүп кетет деп, куткаруу үчүн сууга секирдик. Бирок суунун агымынын ылдамдыгы жогору болуп, өзүбүз чөгүп кете жаздадык. Суу бизди агызып бара жатканда кесиптешим дарактын бутагын кармаганга үлгүрүп, мени да кармап калды. Бакай-Атадан гана араң жээкке чыктык. Чөккөн адам кыймылдабай агып бара жатканын көрдүк. Суунун жээги менен чуркап барып, бутактар көп болгон көпүрөнүн астына туруп аны кармадык. Жээкке алып чыгып, жасалма дем алдырганга аракет кылдык. Тилекке каршы, куткара албай калдык", - дейт Мамытов.

"Бизди жумушубузда биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүшкөн, андыктан жасалма дем алдыруу менен куткарып калабыз деп ойлогонбуз. Эгер чөгүп жаткан адамды көрсөңөр, дароо тиешелүү жакка чалып, куткара турган болсоңор, колуңарга узунураак бутак алып алууну сунуштайм. Себеби чөгүп жаткан адам өзүн жоготуп, силерди кармап, чогуу чөктүрөт. Колуңардагы бутакты карматып жээкке чыгарсаңар болот", - деп кошумчалады Айдарбек Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
05.07.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы! Жакшы кудай сактаптыр силерди да.
05.07.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azzzamaaaat
05.07.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Айдарбек. Горжусь мой одноклассник!)
05.07.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки киши каза болуп калганы өкүнүчтүү. Жаткан жери жайлуу болсун.:(. Куткарганга аракет кылгандардын аракетине, ыйманына бали.
05.07.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким минус баскан,жакшы создоргода
06.07.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursultan.91,Бир жолу Суперде минус баскан мода болуп кетти эле дагы ошентем деп жатса керек да
06.07.2016. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Брррравоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: