super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бишкекте Айт намазы катуу көзөмөлдө өттү

 

Бүгүн, 5-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бүгүн өлкө ичинде 30 күн тутулган орозонун аякташы менен Орозо айт майрамы белгиленди. Жети дубандын борборлорунда жана айыл-кыштактарда эртең менен Айт намазы окулду. Быйыл Бишкек шаарында адаттагыдай эски аянттын аймагында эмес, “Жеңиш” аянтынын аймагында окулган Айт намазга, муфтият билдиргендей, 20 миңге чукул адам катышып, аларды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү текшерүүдөн өткөрүп жатышты. Мунун да жөндүү себептери бар...

Былтыр Орозо айт күнү эртең өтөт деп турган 16-июлда Бишкек шаарынын 2 районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук топторду жок кылган. Анда баш-аягы 4 согушкердин көзү тазаланып, 7 согушкер колго түшүрүлгөн. Бир апта өтпөй Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов “террорчуларды каржылаган” деген шек менен кармалган. Операцияга катышкан “Альфанын” атайын даярдыктагы 4 кызматкери да жаракат алган. УКМК өлтүрүлгөндөр менен кармалгандар "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерди жардырууну пландашканын жарыялаган эле.

Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган Алтынбек Итибаев да бар болчу. Июль айында кармалган Алтынбек Итибаев октябрь айында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50-СИЗОдон качкан 9 кылмышкердин катарында болгон. Алар түрмөнүн 3 кызматкерин өлтүрүп, оор жаракат алган төртүнчүсү ооруканада эсине келбей көз жумган. Чуулуу окуя орун алгандан 10 күн өткөн соң 9 кылмышкердин ичинен акыркысы болуп калган Алтынбек Итибаев кармоо операциясында атылып өлтүрүлгөн. Бирок бул операцияда бейкүнөө эки жаран жана ИИМдин бир кызматкери каза тапкандыгы белгилүү. Ал эми бир ай өткөндөн кийин тергөө иштеринин алкагында камакка алынган №50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев асынган абалда табылган.

Андыктан Орозо айтка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө элине карата кабатырлануу менен жазылган кайрылуусу бекеринен эмес. “Динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат”, - деп айтылат куттуктоо менен коштолгон кайрылууда.

Бул аралыкта кыргыз паспортторуна байланыштуу дагы бир жаңылык дүйнөлүк коомчулуктун назарына түштү. Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары 3-июль күнү Стамбулдун "Ататүрк" аэропортунда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү деген шек менен 2 адам кармалганын жазып чыгышты. Украинадан Түркияга келген 2 кишинин жанында кыргыз жана орус паспорту болгон. Ошондой эле алардын жүгүнөн 4 снайпердик дүрбү, 3 аскер кийими, башка адамдардын аты-жөнүнө жазылган 2 паспорт, 3 Кыргыз Республикасынын ID-картасы, 5 туулгандыгы тууралуу күбөлүк табылган. Сурак учурунда шектүүлөр Сирия жана Иракка бара жатышканын, документтер ал жактагы аялдар менен жаңы төрөлгөн балдарга даярдалганын айтышкан. Эске салсак, Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда 28-июнда эки жардыруу орун алып, анда 43 адам кайтыш болгон. Мына ошол жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары да бар деп Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айтып чыкты.

Ал эми Түркиядагы Кыргыз Республикасынын консулу Руслан Молдакуновдун айтымында, Стамбулда кыргыз паспорту менен кармалган 2 адам боюнча жаңы маалыматтар майрамдан улам иш күндөрү эместигине байланыштуу бериле элек. Мамлекеттик каттоо кызматы менен кабарлашканыбызда аларда да кенен маалымат жоктугун айтышты.

Ушул жылдын май айында эле дал ушул Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон 98 уйгур жасалма кыргыз паспорттору менен кармалган болчу. Тергөөдө ар бир жасалма паспорт үчүн 2500 евро төлөнгөндүгү ачыкка чыккан. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: “Мындай окуяларды болтурбоо үчүн эң башкы көрүлүп жаткан аракет – бул биометрикалык паспорт. Биометрикалык паспорттордун жасалмасын жасоо мүмкүн эмес”, - деп айткан.

Албетте, жогорудагы 2 шектүүнүн жасалма кыргыз паспорттору менен кармалыштыбы же жокпу, анын дайыны жакын арада белгилүү болот. Бирок кыргыз өлкөсү жасалма документтерди чыгаруучу фабрика деп жаман жагынан атыканы тиешелүү чараларды чукул көрүүгө жана жазаны катаал кылууга түртпөй жатат.

Ысык-Көл облусунун Бостери айылдык аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоого жана курууга 988 миллион сом бөлүндү. Бул иш-чарага жалпы 1 миллиард 234 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаты каралган. Ипподромдун курулуш иштери быйыл сентябрь айында өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин аякташы керек. Алдын ала маалыматтарга караганда, курулуш иштери аяктаган соң Ысык-Көл облусундагы ипподром КМШнын алкагында эң мыкты ипподром болору айтылып жатат жана ага коротулган каражаттын жакынкы жылдар ичинде акталышы боюнча Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту бизнес-план иштеп чыгууда.

Туризм - мамлекеттин да, менчик тармактын да ири каражатын талап кылган тармак. Президент Алмазбек Атамбаев башында турган мамлекеттик бийлик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу кыргыз жерин дүйнөгө даңазалоого жана туристтердин санын арттыруу менен экономикага салым кошууну максат кылып жатат. Ал эми даңазалоо иши дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кыргыз өлкөсүн таанытуудан башталат. Бул жаатта дагы бир кадам жасалды. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов уюштурган жолугушуулардын жыйынтыгында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу жөнүндө Малайзиянын алдынкы ЖМКлары “Bernama” жана “ТV-3” менен келишим түзүлдү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: