super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан менен бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгын айтты

 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковду анын дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Премьер-министр бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, жаңы элчи өзүнүн иш тажрыйбасын келечекте Өзбекстан менен мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жумшаарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун 2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарындагы жолугушуусун эске алып, Өзбекстан менен бардык маанилүү багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү жана коңшулук алаканы чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Тактап айтканда, премьер-министр эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу 7-июлда өкмөттүк аппараттан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: