super.kg logo

Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармала элек

 

Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычакташкан. Кийин өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын бир нече жолу бычактап, изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.07.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук жазсанар супер инфо.Эч ким олбодубу?Балдары?Беткабын чечип калса болчу экен бекинип туруп.Аллах сактасында
08.07.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары аман болсо экен кудай сактап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: