super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Талантбек Батыралиевге калк үчүн медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформаларды улантууну тапшырды

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда министр президентке саламаттык сактоо системинде жүрүп жаткан реформалар, оорулардын алдын алуу чаралары, жарандардын ден соолугун бекемдөө боюнча тейлөөлөрдү кеңейтүү тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары Батыралиев республикада инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча пландык иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

"Министр өлкөдө жаңы ири медициналык мекемелерди куруу боюнча пландары менен бөлүшүп, мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик пункттарды жаңылоо иштери тууралуу маалымдады. Президент Атамбаев калк үчүн медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформаларды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Андан соң ал саламаттык сактоо тармагында коррупцияны жоюу жана бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануу керектигин айтты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: