super.kg logo

"Токмок шаарына жакын жерден орусиялык туристтерди карактап кеткен" деген шек менен милициянын мурунку 2 кызматкери кармалды

 

"Токмок шаарына жакын жерден орусиялык туристтерди карактап кеткен" деген шек менен милициянын мурунку 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 1974-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну жана 1969-жылы туулган К.К. аттуу шаар тургуну кармалды. Кылмышка шектүүлөр милициянын мурунку кызматкерлери экени жана ушул сыяктуу кылмыштары үчүн жумуштан кетирилгени белгилүү. Учурда алар камакка алынып, кылмышка шектүүлөрдүн дагы башка каракчылык фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.

Эске салсак, 4-июль күнү Токмок шаарына жакын жердеги айланып өтүүчү жолдон Ысык-Көлгө бара жатышкан Орусиянын Дмитрий жана Ирина аттуу эки жаранын өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар карактап кетишкен. Орусиялык жарандар майып баласын Ысык-Көлгө дарыланууга алып бараткандары белгилүү болгон жана 100 евро, 20 миң рубль, 45 миң сом акчасын алдыртып жиберишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
08.07.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aaa kokui militsiaga dele ishenip bolboi kaldy ozdoru bashtap atsa
08.07.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жазасын жакшылап бергиле. Эки туристтен тизелетип кечирим сураткыла. Кыргызтандыктардын баарынан кечирим сурашсын.
08.07.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр Фейсбукта ушул окуяга байланыштуу акция журуп жатат. ХХХ кабарчысы акча чогултуп, туристтердин акчасын кайтарып берген жатышат. биз да 1000 сом коштук. Олконун аброюн кетирген ушундай ХХХ жосунун ондооочу коп патриоттурубуз да бар экени суйундурот
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-08 14:46:14
08.07.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzat878, курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
08.07.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ. Болбогон арам акча учун Кыргызстандын атын булгап
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-08 15:28:24
08.07.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
leilekstan_1987, этика нормаларын сактаңыз!
08.07.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иий акмактар ушунан коро асынып эле олуп албайбы уят эле.Балык башынан сасыйт дегендей жогору жакта олтургандар озу олгон жеп жутарларыбыз анан милицияларыбыз аман эле болушсун да.Бут дунуйо жузуно уят болдук го,туристтерди тонойт экен деп эми эч ким келбейт бизге булар арам акча таап жаман уйронушкон да.Коросунор го булар да чыгып кетет эртен эле карга карганын козун чукубайт болуп,бизде закон иштебейт го.Эми гана турисстер келе баштаганда баарын качыра коюшуптур да
08.07.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алар инвалид баласын даарылатканы келе жаткан туристер дейби ? Уяты жоктор .
08.07.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кокууй канча адам окуйт да булардын кылганын, эн чон антиреклама болуптур да. Азаматсынар, туристтерди аран чакырып жатканда. Тонолгондор уже жазып чыгып, орусиялык сайттарда аябай талкуу болуп жаткандыр
08.07.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизди деле Россияда канча карактайт, бирок ага эч ким унчукпайт э? орустар кайра ажап болуптур деп сүйүнүшөт. а биздикилер акчасын чогултуп берип жатыптыр мына сага айкөлдүк.
08.07.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят эле!!! Шакалдардын суротторун да жуктоп койгулачы королу Кыргыздын абройун кетирген акмактарды.
08.07.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезондун алдында канчалаган туристтерди качырды акмактар. Аларды колдуктордун колуна тапшырыш керек озулору жазалап алышат
11.07.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлерине элдин ишеними деле калган жок го деп ойлойм. Кечээ жума күнү жумуштан чыгып үйгө кетип бара жаткам. Анан бир документке кол койдурушум керек эле. Ал адамга чалсам базар жакка жарым саатта барып калам деди. Анда базарда күтмөк белем деп паркта күтүп отургам интернетте.Аңгыча эле эки милиция кызматкери келип эле, документтеримди сурады. Көрсөттүм. Анан эмне иш кылыпмын десем, сен кыздарга барып келе жатасын дейт. Мен жаңы эле жумуштан чыкканымды айттым.
11.07.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ары сүрүшүп бери сүрүшүп аттык. Аңгыча командирим келди жолугушун керек деп калды. Жүргүлө деп бардым. Барсам старшина отуруптур. Ал деле ошону сүйлөйт кызга барып келе жатасың, камерага илешипсин деп эле суу кечпеген сөздү айтып. Чагымда акча өндүрөбүз деген го эргулдар.
11.07.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы дагы бир ирет милиция кызматкерлерине ишенимим жоголду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: