super.kg logo
  Саясат  

Мандатынан ажыратылган Жыргалбек Саматовдун өкүлү БШКнын бүгүнкү жыйыны мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты

 

Депутаттык мандатынан ажыратылган Жыргалбек Саматовдун өкүлү Таалайкүл Токтакунова БШКнын бүгүнкү жыйыны мыйзам бузуу менен өткөнүн SUPER.KG'ге билдирди. Анын билдиришинче, БШК бүгүнкү жыйынында Саматовдун мандат маселесин карай турганын кеч маалымдаган. Мындан улам БШКнын бүгүнкү чечимин мыйзамсыз деп чечип берүүсүн өтүнүп, Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Сот иши 9-июлда өтөт.

Андан сырткары Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратуу маселесин БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиева көтөрүп жатканын кошумчалады. "Бул жерде жеке кызыкчылыктар орун алды. Саматовду мандатынан ажыратууну Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиева көтөрүп чыккан. Ошондуктан жыйында БШКнын ушул эки мүчөсүн милдетинен убактылуу ажыратып турууну өтүндүм", - деди Токтакунова.

Эскерте кетсек, Ж.Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңеште ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.

Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 24-декабрында Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилип, депутат болгон. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракциянын курамынан чыгарып салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: