Чубак ажынын теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды
Чубак ажы Жалиловдун теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Чубак ажы жакынкы күндөрү жума намазда эл алдында баян айтып жатып билдирди. Буга чейин ал 3-4 телеканал жана радио аркылуу баян айтып, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип келген. "Мындан башка сүйлөй турган жердин баары азыр биз үчүн тосулуу, бир гана минбар (мечиттин трибунасы) тосулган жок. Анткени "бул киши азыр сүйлөсө болбойт" деп чечимди бирөөлөр чыгарган болуш керек", - деп билдирген.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында Чубак ажы Жалилов жума намаз убагындагы түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча сунушту активдүү колдоп, депутат Жанар Акаевдин дарегине катуу сын айткан. Бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.
Андан кийин УКМК Жалиловду суракка чакырып, эскертүү берген эле.


Ак ийилет бирок сынбайт, убакты сааты келип, баары жооп берет, бирок анда кеч болот. Кыргыз үчүн күйгөн бир ушу аалым болсо ага да тоскоол болуп жатышат........
Аллаһ өзү жазасын берсин! Андан башка эч нерсе дей албайбыз.
Бекер кылыптыр, бийликтин бул чечимине каршымын!
Бул эртедир кечтир болушу керек эле,себеби дин аалымы саясатка аралашып кетти,ото эле аша чаап кеткен болчу!
Ыраматылык мурунку муфтий Мураталы ажы да, бийлике жакпаган нерсе кыла коюп, акыры жакшылык болгон жок …
Ушунун акыбети эл менен бийликтин эки жолго түшүшүнө себеп болуп жатат..
70%болбосо да аз кана20% эл мүдөөсун аткарып коюшса эл өзү кандай гана көтөрүп колдоп алышмак.