super.kg logo

Аксы районунда паспорттон "улуту" деген жазууну алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг өтпөй калды

 

Аксы районунда паспорттон "улуту" деген жазууну алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков билдирди.

Маалым болгондой, Аксынын Кербен шаарында 12-июлда өтүүчү митинг күз айларына калтырылды.

"Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын мүчөлөрү кеңешип, 12-июлдагы нааразычылык митингин күз айларына калтырышты. Азырынча өлкө жетекчилерине дагы убакыт берүүнү туура көрдүк. Учурда митинг токтотулганы менен, маселени чечүү талаптарынан баш тарта элекпиз", - деп билдирди Надырбеков.

Белгилей кетсек, митингде социалдык беш маселе көтөрүлмөк: чек ара маселеси, Үңкүр-Тоо, "Кумтөр" кени жана өлкөдөгү башка кендер маселеси, паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы ойлор, Токтогул суу сактагычындагы суу, электр энергиясы жаатында 700 киловатт-сааттан ашкан төлөмдү алып салуу талаптары.

Буга чейин 29-июнда "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков 12-июлда митинг өтөрү туурасында айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.07.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандайдыр бир соодалашуу болгонго бийлик менен. Болбосо эснеге токтотулмак эле. Эл учун деп элдин атынан суйлоп соодалашууга барган адамдар коруп жатабыз кандай карышкыр болуп оз элин кыра баштагандарын.
12.07.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазылышы керек
12.07.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызды кыргыз,озбекти озбек,орусту орус деш керек
12.07.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Улут жазылыш керек!!!
Улутун м-н адамсын,улутун жок болсо, айбандан эмне айырма калат.
12.07.2016. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура улуту жазылыш керек албетте.
12.07.2016. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошондо Кыргызстанда улут жок болсо биздин мамлекет короо сыяктуу болуп калат да э ?
12.07.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улуту болуш керек мен каршым
12.07.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Паспортто улуту деген деген графа сөзсүз түрдө болуш керек адашып калышым мүмкүн өзбекстанда улутун кыргыз болсо да экинчи балаңы өзбек деп жазат деп айткандарын угуп калганмын. .. бизде да башка улуттун адамдарына шанс бериш керек мисалы улуту өзбек бирок паспортуна кыргыз деп жаздырам десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: