super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: Эркин күрөш боюнча Спорт чебери, машыктыруучу Жеңишбек Дөңбаев 71 жашка толду

 

Эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери (1967), КРнын (1985) жана СССРдин (1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңишбек Дөңбаев бүгүн, 12-июлда 71 жашка толду. Ал 1945-жылы Талас районундагы Кең-Арал айылында туулган.

1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттеринин биринчилигинде алтын байгени уткан. 1969-жылы Бүткүл союздук профсоюздардын Спартакиадасында 1-орунду алган. 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү, 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу, КРнын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон. Ал эми 1983-1999-жылдары республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси, 2009-2011-жылдары КРнын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.

Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында К.Амуралиев, Н.Изабеков, М.Бобурбеков, Н.Дөңбаев, А.Аскаров, А.Төрөгелдиев, Р.Маджинов, Б.Өмүракунов, Ч.Изабеков, И.Тазабеков сыяктуу спортчулар бар.

12-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: