super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Туризм департаментинин алдына өлкөгө туристтерди тартуу боюнча бир катар милдеттенмелерди койду

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 12-июлда кабарлады.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, аталган тармактагы абалды жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана анын келечеги тууралуу маалымат берди.

Ал жакынкы арада расмий түрдө ишке киргизиле турган, алты тилде даярдалган Кыргыз тууралуу веб-сайттын долбоорун тартуулады. Веб-сайт өлкө тууралуу, эс алуу жайлары, элдин салт-санаасы, Кыргыз жерине алып келүүчү негизги маршруттар жөнүндө кеңири маалыматты камтыйт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков департаменттин негизги милдети өлкөгө туристтерди тартуу боюнча ишти жандантуу экенин белгиледи.

"Кыргыз жери кооз жана кайталангыс жаратылышка ээ экендиги баарыбызга белгилүү, бирок инфраструктураны жакшыртуу маселеси актуалдуу болуп саналат", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: