super.kg logo

Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоого 300 миллион долларга чейинки каражат керек

 

“Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” долбоорду ишке ашырууга 100 миллион доллардан 300 миллион долларга чейинки каражат керек". Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Сарпталган каражат түшкөн пайданын эсебинен 1-2 жылдын ичинде толуктала турганын баса белгиледи. Долбоорду каржылоого чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор тартылмакчы.

"Насыя алып бул долбоорду ишке ашырсак, алынган насыя бүткүл элдин мойнуна жүктөлбөйт. Кеткен чыгымдын орду 1-2 жылда эле кайра толукталат. Долбоорду ишке ашырууга болжолдуу түрдө 5 жыл убакыт коротобуз", - деди ал.

Текебаев ал үчүн акча, элдин колдоосу жана массалык маалымат каражаттарынын колдоо күчү керектигин белгиледи.

"Биз бул ишти президенттик шайлоо алдында же шаардык кеңешти шайлоо алдында алып чыгып, популисттик кадам жасап, упай топтоодон алыспыз. Муну коом үчүн жасап жатабыз. Алгач акча, элдин жана ММКлардын колдоосу керек", - деп айтты.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган курулуштарды сүрдүрүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башкалар. Жаңы заманбап имараттарды куруу үчүн эскилиги жеткен үйлөрдү (менчигинин түрүнө карабай) жана имараттарды мэриянын балансына алып коюп, сүрдүрүү жолдору сунушталууда.

Долбоорго ылайык, менчик ээсине мүлктүн баасындагы компенсация төлөнөт. Бузула турган мүлктүн базар баасын мэриянын комиссиясы жана көз карандысыз компаниялар, баалоочулар аныктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
12.07.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура демилге
12.07.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Давно башташ керек болчу.
12.07.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айни, Сухомлинов көчөлөрүндө да барак тибиндеги эски үйлөр көп... Ошолорду да кошсо болмок...
12.07.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэри, буларга "центр" керек болуп жатпайбы, андан көрө чек жакадагы жерлерди жакшылашса болмок
12.07.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура
12.07.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
северэлектро 2 000 000 сомго эс алып жатса бул демилге жакында болбой калды го!!!
12.07.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
али эрте, булар жолду жакшы салалбаган кайдагы шаарды салмак эле, пайдасы жок иш кылып жатат деп айтат элем, мен колдобойм, Ош шаары тополондон кийин куйук кара болуп жатканда , Мелисбек Мырзакматов куйгон уйлордун ээлерине шаардын сыртынан жер берели, ал эми куйук уйлорду сурдуруп ордуна жаны коп кабаттуу уй салалы дегенде, азыркы бийлик уруксат бербей койгон, азыр андан башка жумуш толтура ошолорду аткарсын,жакшы турган нерсени бузбай, бузулуп жаткан Спартакты ондосун эскилиги жеткен мектептер
12.07.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мектептерди ондосун, эл аралык денгеелде ототурган спорт аранеларды салсын, спортко конул бурсун курал жарак сатып алсын, айтаберсен иш коп
12.07.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура дештен да коркосун бизде ошол сумманын жарымы чонтоко кететет да калган жарымына ептемей кылып бутурушот бул анык!
13.07.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй каяктагы жомокту айтпай шымынарды одоо которуп алгылачы озунор чалынып журосунор анан дагы шаар ондоп ирет имиш
13.07.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100$ Манас арена
Салса жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: