Чубак ажы теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүгө тыюу салынгандыгы үчүн эч кимге дооматы жок экенин айтты
Чубак ажы Жалиловдун теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынган. Чубак ажы эч кимге дооматы жок экенин SUPER.KG'ге билдирди. "Телеканал жана радио аркылуу баян айтып, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип келгем, эми ага тыюу салынды. Ким тыюу салганын айта албайм, бирок эч кимге доомат артпайм", - деди Жалилов.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында Чубак ажы Жалилов жума намаз убагындагы түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча сунушту активдүү колдоп, депутат Жанар Акаевдин дарегине катуу сын айткан. Бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.
Андан кийин УКМК Жалиловду суракка чакырып, эскертүү берген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Бир мусулмандын башка бир мусулманга кылган дубасы кабыл, ин ша Аллах, МУСУЛМАНДЫН КУРАЛЫ ДУБА!!!