super.kg logo

И.В.Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы белгиленди (фото)

 

Бүгүн, 12-июлда 73809-аскер бөлүгүнүн базасында режицкилик, Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Иш-чара салт боюнча Кыргыз өлкөсүнүн борборундагы Баатыр-панфиловчулардын аллеясы, баатырдын атындагы сейил бакта И.В.Панфиловдун эстелигине гүлчамбарларды коюу салтанаты менен башталды.

“Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кыргыз мамлекетинин элинин өлбөс, өчпөс жеңиштерин эскерүү менен биз, азыркы муун, фашизмди жеңүүдө режицкилик, Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү, Советтер Союзунун Баатыры И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын баатырдык салымы зор болгонун өзгөчө белгилейбиз. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилов дивизиясынын гвардиячылары Ата Мекенди коргоодогу эрдиктин жана кайратмандыктын, туруктуулуктун жана тайманбастыктын көп сандаган үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Алардын Ата Мекенге берилгендик менен көрсөткөн кызматы азыркы муундун эсинде түбөлүккө сакталат”, - деди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башчысынын орун басары генерал-майор Закир Тиленов.

Майрамдык иш-чаралардын программасына ылайык, "Панфиловчулардын жеңиши" деген темада театрлаштырылган постановка коюлуп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарактар, аскер техникалары көрсөтүлдү. Чакырылган меймандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине түштөнүү уюштурулуп, окуучулар жоокер боткосунан ооз тийишти. Андан соң өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара аскерлердин салтанаттуу марш басуусу менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: