super.kg logo

Бишкекте шаар тургундарын таштандыны атайын челектерге салууга үндөгөн граффити пайда болду (фоторепортаж)

 
Долбоордун координатору Виктор Цой

Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан №5-мектеп-гимназиясынын дубалына "Мен Бишкекти жакшы көрөм" долбоорунун алкагында тартылган алгачкы дубал граффитинин бет ачары болду. Аталган долбоор Кыргыз жериндеги "Сорос" фондунун жаштар программасы, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда уюштурулган. Максаты - борбор калаанын коомдук, маданий аймагын жаштардын колунан жасалган искусство тармагы менен өнүктүрүү.

Долбоордун координатору Виктор Цой граффити тууралуу буларга токтолду:

"Биз атайын эл көп жүргөн, дароо көзгө урунган Токтогул, Шопоков көчөлөрү кесилишкен жайды тандап алдык. Бул долбоордун алкагында тартылган алгачкы граффити. Граффитини тартууда бир нече адам кеңешин айтып, жардам берип жүрүштү. Негизи, 3 адам толук иштеп бүтүрдү.

Эми эмне үчүн спортчу жигитти тандап алганыбызды айта кетейин. Баскетболчу жигиттердин мурда "Сен жасай аласың!" деген урааны бар болчу. Биз бул эмгегибиз аркылуу таштандыны атайын таштанды идишине таштоо үчүн спортчу жигит болуунун зарылдыгы жок деген ойду айтып, ошол нерсени көрсөткүбүз келди. Учурда шаарда таштандыны атайын жайга таштоодон эринип туш келди ыргытып салгандар бар. Бул көрүнүштү кантип чагылдырууну көпкө ойлондук. Жыйынтыгында баскетболчуну тандап алдык, себеби топту ыргытууда да тактык талап кылынат эмеспи. Ошентип спорт менен кошо таштанды маселесин да көрсөтө кеттик. Муну менен биз шаар тургундарын тазалыкты сактоого, таштандыны атайын таштанды салган идиштерге салууга үндөйбүз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.07.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жакшы жанылык экен
13.07.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы, эми мусор таштаган эл журт, эсине келсе эле болду.
13.07.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар!!!Ушундай иш чараларды откоруп турушса, элибиз сарамжалдууга,тазалыкка тез эле уйронот деп ойлойм.
13.07.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админстративдик айып акчасын толотуш керек таштандыны туш келди таштаганга, урналарды кобуроок орнотуш керек. тазалык башкармалыгы иштеш керек.
13.07.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
талап кылыш учун шарт тузуп бериш керек.
14.07.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мусур таштоочу урна жок болсо каяка таштайбыз? Мен кээде сумкама салып уйго которуп барып таштайм урно кочодо урна жоктугунан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: