Муфтият "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген сөз жазылган баннер тууралуу расмий билдирүү жасады

Бишкектин көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген сөз жазылган баннерди муфтият элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Муфтият элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүштөргө таасирленип чектен чыкпоого чакырык жасады.
"Урматтуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы жарандары! Баарыбыздын колубуздагы эң кымбат байлык - бул элдин тынчтыгы менен биримдиги. Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келерин билдирет. Көчөгө коюлган аталган жарнакты элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныйт. Мусулмандар дин башкармалыгы мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат жана бул маселенин алкагында тийиштүү ведомстволорго кайрылып, мыйзам чегинде карап берүүнү суранат", - деп айтылат чакырыкта.
Белгилей кетсек, Бишкектин көчөлөрүндө улуттук кийим кийип, бир тарабында хиджаб жамынган кыздар тартылган көлөмдүү сүрөт илинген. Мындай көрүнүшкө теолог Кадыр Маликов элди провокацияга алдырбоого чакырык жасаган билдирүү тараткан.


Менин оюмча мындай карама-каршылык келип-келип ортого чыкмак. Мамлекет жана муфтият муну эчак контролго алуусу керек эле. Динди биздин маданият менен жуурулуштуруу үчүн буга чейин эмне иш-чараларды өткөрдүңөр??? Азыр деле кеч эмес. Дин бизге жат эмес. Биздин улуттук кийимдер хиджаптын дал өзү.
Болбосо зыяны тиет булардын.
Эми муфтияттын да тизгинин чойуш керек кошуна олколордой болуп.
Паранджа кийгендерге мен да каршымын,ичинде ким белгисиз.Ал эми
Хиджаб кийген кыздардын бети корунот.
Бул эми аябай оор тема.
Арабдардай дейсинер.Коранды окуп корсонор,аял киши дене-мучосун жабып кийиниш керек дер жазылган.Биздин улут.кызд.кийим. этеги узун ,чачтары орулгон.Меним оюмча ,бул банерде 4 фото болуш керек.
1)Улуттук киййим 2)Паранджа эмес Хиджаб кийген.3)Чачын жайган,кирпик койгон ,оозун утки кылып
«Давайте не будем путать культуры... арабскую, пакистанскую, другую. Это навязывание чужой культуры. У нас есть своя культура. У нас даже слова пытаются менять. Я Коран читал не один раз с ручкой в руках и ничего такого там нет. Не надо нам навязывать чужую культу