Сокулук районунда айдоочу унаасы менен арыкка түшүп кетип, 10 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алды
Сокулук районунда айдоочу унаасы менен арыкка түшүп кетип, 10 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Романовка-Селекция айылдарынын ортосундагы трассада Мазда үлгүсүндөгү унаа арыкка түшүп кеткен. Унаада 3 жүргүнчү болгон, алардын бири 2006-жылы туулган М.Константин сол ийини сынып ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар баланы унаадан алып чыгып, биринчи тез жардам көрсөтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.