КҮНСЕРЕП: Чуу жараткан баннерлер Бишкекте эле эмес, бүткүл Кыргыз жерине илинет
Бүгүн, 14-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз жерине биринчи расмий сапары менен келген Германиянын канцлери Ангела Меркель “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүздү. Сөз башында немис лидери: “Менин сапарымдын максаты – мындан ары кандай кызматташабыз, силерге кандай жардам бере алабыз, ушул маселелерди силер менен бирге талкуулоо”, - деди. Ал эми президент Атамбаевдин айтымында, канцлердин сапары кыргыз-немис алакасын жаңы баскычка көтөрөт.
Конокту президент үй-бүлөсү менен таң эрте “Ала-Арча” жаратылыш коругуна алып барып сейилдетип келгени белгилүү болду. Расмий иш сапардын алдында айрым маалымат булактары "Кыргыз мамлекетине сириялык качкындарды ылгоодон өткөрүүчү лагерь куруу жөнүндө сүйлөшүү болот" деп "көзү ачыктык" кылышкан эле, жолугушууда андай кеп козголгон жок. Кыргыздын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев айткандай, Меркелди Кыргыз жерине тарткан көрүнүш – демократиялык башкаруу системи. Дүйнөлүк лидерлердин бири болгон канцлер бүгүн Бишкектен парламенттик демократия өкүм сүргөн Монголияга учат. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга бул сапар Меркелдин учагы конбойт...
Германиялык лидер менен жолугушуудан соң Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү соңку окуяларга карата пикирин билдирди. Бишкектин көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген аталышта кыргыздын элечек кийген айымдары менен паранжа жамынган айымдардын сүрөтү тартылган баннер илинип, көпчүлүк айтчу сөзүн айтып бүтүштү. Айрымдар УКМК менен өлкө жетекчилигинин позициясын күтүп жатышкан. Ажо өз оюн так айтты: “Динге жамынып кыргыздарга бөтөн элдин маданиятын таңуулап жатышат, антүүгө эч кимдин укугу жок. Мындай жарнактар өлкөнүн бардык аймактарына илиниши керек. Бул жарнакты илдиргендерге акчалай жардам көрсөтүү боюнча президенттик аппараттын башчысына тапшырма бердим”.
Буга чейин баннерди “чагымчылдык” деп атап, аны илгендерди жоопкерчиликке тартууну талап кылып жаткандарга таамай 3 сүйлөм жооп узатылды. Мындай сөз динге жамынуу менен улуттук баалуулуктарга "чабуул" кылып жаткандарга жакпай, улуттук дөөлөттөрдү коргоо зарылдыгын айтып жаткандарга майдай жакты. БУУнун сунушунан улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2010-жылкы Июнь окуясында улуттар аралык жаңжалды козутууга, адам өлүмүнө айыптап Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун чечимин жокко чыгарышы да бүйүр кызытып турган. Өлкө жетекчиси Аскаровдун жөн эле бошотулбасын, анын мындан кийинки тагдыры соттук териштирүүдө чечилерин баса белгиледи. Ошентип, коомду тынчсыздандырып жаткан окуялар боюнча мамлекет башчынын позициясы белгилүү болду. Эми интернеттеги агрессивдүү талкуулар азаяры күтүлөт, эки тарап болуп талашып жаткандар тыйылар...
Жер тилкелери боюнча кайрадан нааразычылык... Өкмөт үйүнүн алдына бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын жашоочулары митингге чыгышты. Алар аталган айыл өкмөттүн башчысы Руслан Алиевди коррупциялык иштерге айыптап, анын ишмердүүлүгү боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылышууда. Алиевди "айылдын жашоочуларын бири-бирине тукуруп, жер тилкелерин мыйзамсыз сатууда" деп күнөөлөп жатышат. Чын-жалганын аныктоо - тийиштүү органдардын иши. Болгону бир окуяны эскерте кетели. Аталган айыл бакиевдик бийлик кулаган маалдагы жер басып алуу чуусу менен өлкөбүздүн элинин эсинде калган. Маевкадагы 2010-жылкы жер талаш окуясы кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда чуулгандуу окуяга айланган. Жаңжалдан 5 жаран каза болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 29 адам ооруканага жеткирилген. Алардын айрымдары укук коргоо кызматкерлери болгон. Бул жолу нааразычылык акциясына чыккандардын арызына кайдыгерлик кылууга болбойт. Анткени 6 жыл мурунку каргашалуу окуя деле ушул сыяктуу турмуштук талаш-тартыштан келип чыкпады беле...
Кыргыз спортчулары “Рио-2016” Олимпиада оюндарына сапар алууга даяр. Өкмөттө бүгүн аталган оюндарга спортчуларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү XXXI Олимпиада оюндарына жана XV Паралимпиада оюндарына баруучу Кыргыз өлкөсүнүн расмий спорттук делегациясынын курамы бекитилди. Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарына катышууга 18 лицензия, Паралимпиада оюндарына катышуу үчүн 3 лицензия утушкан. Кеңешмеде Бразилияда кийчү Кыргыз өлкөсүнүн спортчуларынын салтанаттын ачылыш аземинде кийчү жана спорттук формалары да тааныштырылды. Спорт тармагына бюджеттен жылына миллиарддаган акчалар бөлүнбөгөнү менен, дүйнөлүк ири мелдешке барчу спортчуларды колдон келишинче даярдап жатышат. Быйылкы Олимпиада жарыштарына спортчуларды даярдоого 70 миллион сом каралганы айтылган. 2015-жылы өлкөбүздүн жалпы спорт тармагына 463 миллион сом бөлүнгөн. Спорт тармагындагы адистердин көбү мындай каржылоо жетишсиз экенин айтып келишет. Акчанын аз бөлүнүшүн шылтоо кылышпасы анык, кыргыз балбандарында белди бекем бууп намыс талашуу иши калды.
Балбандарга үмүт артылган XXXI Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 5-21-август күндөрү өтөт.


