super.kg logo

Таштандыдан киреше

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) кабыл алуучу пландалган алты пункт ачылды. Иш-чара "Жашыл чекит" долбоорунун алкагында "Жашыл билик" коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылып, "Кумтөр Голд Компани" каржылоодо. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Долбоор "жашыл экономиканы" жайылтууга жана катуу тиричилик калдыктарын сорттоп чогултууну жайылтууга багытталган. Долбоор туруктуу 25 иш орунду камсыздап, пункттардын ишин тынымсыз жүргүзүү үчүн жайкысын дагы 200дөй жаштарды жумушка тартары күтүлүүдө. Долбоордун жүрүшүндө ишембиликтер, рекреациялык жерлерди көрктөндүрүү, анын ичинде айрым райондордогу көлдүн түбүн тазалоо сыяктуу он чакты экологиялык иш-чаралар пландалган.

Долбоор курчап турган чөйрөнү коргоого гана багытталбастан, ал социалдык ишкерчиликти өнүктүрөт. Атап айтканда, кайра пайдалануучу чийки затты өткөрүү менен көлдүктөр кошумча кирешеге ээ болушат. Долбоордун алгачкы этабында активисттер желим, айнек жана кагаздарды кабыл ала башташат.

Долбоордун жүрүшүндө жергиликтүү кесиптик лицейлердин негизинде КТК чогултуу үчүн челектерди чыгаруучу, велосипед турактарын даярдоочу устакана, ошондой эле экобаштык жана кагаз пакеттерди даярдоочу үч цех ишке киргизилет. Экологиялык долбоор күнгөйдү да, тескейди да кучагына алып, кабыл алуу пункттары Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Караколдо ачылат. Эки жылдык долбоорду жүзөгө ашырууга "Кумтөр" компаниясынын салымы дээрлик 8 миллион сомду түзөт.

"Биз таштанды менен күрөшүү үчүн чакан, бирок ишенимдүү кадам шилтедик. Айнек сыяктуу калдыктар эң кеминде 100, ал эми эң көбү 400 жылда барып жок болорун түшүнүүбүз кажет. Өзгөчө биз күнүгө колдогон желим баштыктар кооптуу. Алар кылымдар бою жок болбой, климаттын өзгөрүүсүнө түртүшү же адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Адам тарабынан жасалган бир дагы желим буюм табигый жол менен жок болуп кеткен эмес. Эгер биз калдыктарды сорттоп чогултууну киргизсек, кайра пайдалануучу чийки затты иштете баштайбыз жана аны кайрадан колдонсок бул чоң жетишкендик болот. Калдыктарды бөлүштүрүп, чогултууга кайдыгер карабаган бардык жарандарды чакырам", - деп билдирет "Жашыл чекит" долбоорунун координатору Дмитрий Андреев.

"Биздин компания үчүн калдыктарды жөндөө башкы ролду ойнойт. Андыктан калдыктардын 90 пайызын кайра иштетүү менен экинчи жолу пайдаланган биздин ишканадан сырткары да ресурстарга аяр мамиле жасоо идеясын жайылтууну биз да каалайбыз. Биздин социалдык инвестициялардын артыкчылык берген багыттарынын бири экологиялык демилгелер болгондуктан, Ысык-Көл облусунда калдыктарды бөлүп чогултууну кеңири жайылтуу үчүн биз "Жашыл чекит" долбоорун кубануу менен колдодук", - деп билдирди "Кумтөр Голд Компанинин" туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.07.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кабарлардан эле окуп журсок...эн сонун доолбор
16.07.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишке кирип калса жакшы мен дагы иштемекмин ишке алышса кыргыз жерибизди ыссык колубузду жана башка туристтерди таркан жерлерди тазаламакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: