super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Жергиликтүү экспортчулар жогорку сапатты жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмүн камсыздоосу зарыл"

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы жакында түзүлгөн "Мангел" айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты.

Аталган кооперативдин жетекчиси Карыпбек Асанов маалымдагандай, 64 үй-бүлө (256 адам) кооператив мүчөсү болуп эсептелет. Ал кооперативдин иши жана анын материалдык-техникалык жабдуусу боюнча маалымат берди. Тактап айтканда, техникаларды көрсөтүп, өстүрүлгөн арпа жана буудайдын көлөмүн жогорулатуу боюнча пландары тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күндө кооператив 251 гектар жерге арпа, буудай айдаган. Келечекте өз продукциясын ЕАЭБ рыногуна сатуу аркылуу өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле мал жана үрөнчүлүк чарбаларын түзүү пландаштырылууда.

Премьер-министр өлкөнүн бардык аймагында кооперативдерди түзүү жана айыл чарба кооперативдерине узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды, лизинг негизинде техника берүү иретинде мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспортун өнүктүрүү жана колдоого алуу үчүн жогорку сапатты жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмүн камсыздоо боюнча талапка жооп берүү зарыл", - деди Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле ал жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн аталган талаптарга өзгөчө басым жасоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: