super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун куруу ишинин жүрүшү менен таанышты

 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекет өлкөдөгү жолдорду реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул максатта бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан негизги талаптардын бири катары сапаттуу ишти камсыздоо болуп саналат.

"Бишкек-Нарын-Торугарт жолу өлкөнүн транспорттук артериясы катары республиканын үч облусун – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусун бириктирип турат. Ошондой эле ал Кыргыз мамлекетинин аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-чыгыш багытына транзиттик кыймылды камсыздап, Кыргыз мамлекети менен Кытайды байланыштырган эки негизги трассанын бири катары Пакистан жана Инд океанынын портторуна чыгууга мүмкүндүк берип, Орусия жана Казакстанга аталган портторго чыгууга шарт түзөт", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы келечекте бүткөрүлгөн тилкелерди кайрадан жасап чыгууга жол бербөө максатында курулуш иштери бардык техникалык талаптарды сактоо менен сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыкташат.

Жээнбеков министрге иштин сапатын такай көзөмөлдөп туруу жана ишке жалданган компаниялар тараптан долбоор шарттарынын аткарылышына катуу талап коюу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: