super.kg logo
  Саясат  

Токтогулдуктар Бишкек-Ош жолунун кооптуу жерлерине медициналык пункт ачууну суранышты

 

Токтогул районунун тургундары Бишкек-Ош жолунун кооптуу жерлерине медициналык пункт ачууну суранышты. Жергиликтүү тургундар мындай өтүнүчтү Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушуу учурунда айтышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Ошондой эле жолугушууда райондун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган бир катар маселелер козголду. Алсак, З.Эгембердиев атындагы райондук оорукананын өкүлү "Тез жардам" станциясында эки гана автоунаа бар болсо, экөө тең бузук абалда экенин айтты. Фракция лидери Иса Өмүркулов саламаттыкты сактоо министринин өкүлүнө кайрылып, кийинки "Тез жардам"
автоунааларын пландуу сатып алууда Токтогул районунун "Тез жардам" станциясынын автоунааларын жаңылап берүү сунушун айтты.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел, Көк-Бел жана башка ашуулар кооптуу болгондуктан, жол кырсыгы катталган учурларда жаракат алган адамды "Тез жардам" станциясына жеткирүүгө көп убакыт кетип калууда", - деген тургундар медициналык пункт ачууну суранышууда.

Иса Өмүркулов Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени өз көзөмөлүнө алуу керектигин айтса, министрликтин өкүлү жакынкы убакытта ӨКМнын бөлүмдөрүнүн базасында медпункттар ишке киргизилерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: