super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирип, тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти тезирээк орнотууга чакырды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди 16-июлда кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысына Түркиядагы айрым күчтөрдүн аскердик төңкөрүш жасоо аракеттеринен улам пайда болгон абал тууралуу маалымат берилди. Тышкы иштер министри Түркияда убактылуу же туруктуу жашап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, Анкарадагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде жана Стамбулдагы башкы консулдукта атайын байланыш телефондору иштеп жатканын кабарлады.

Кыргыз өлкөсүнүн президенти тышкы иштер министрине ал жактагы абалды көзөмөлдөөнү улантып, убагында мамлекет башчысына маалымат берүүсүн тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын колдой турганын билдирди. Бийлик элге таандык. Кыргыз Республикасы демократиялуу жол менен эркин шайлоолор аркылуу шайланган өлкө жетекчисин бийликтен кулатуу үчүн аскердик күчтү пайдаланууну орунсуз деп эсептейт.

Түркия - Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, ал эми биздин мамлекеттин элдерин тарыхый боордоштук байланыштырып турат. Биз түрк элинин конституциялык түзүмгө, адамдардын укугун жана эркиндигин сактоого кооптуулук жараткан ар кыл кол салууларга туруштук бере алчу акылмандуулугуна ишенебиз. Кыргыз мамлекетинин эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирет жана Түркия Республикасында тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти тезирээк орнотууга чакырат", - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: