super.kg logo
  Саясат  

Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорлорун ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол коюлду

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 18-июлда Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорлорун ("CASA-1000") ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу;

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу;

2016-жылдын 4-январында Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун ("CASA-1000") кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу.

Жогорудагы кол коюлган мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Келишимдерге "Датка" 500 кВ көмөкчү чордондон (Кыргыз Республикасы) "Худжент" көмөкчү чордонуна (Тажикстан Республикасы) жана андан ары Кабул (Ооганстан) аркылуу өтүп, Пешавардагы (Пакистан) өзгөрткүч станцияга чейинки ВЛ 500 кВ электр өткөрүү чубалгысын куруу менен Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун ("CASA-1000") жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган.

Кол коюлган мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: