super.kg logo

"Кумтөр Голд Компанинин" стипендиялык программасынын бүтүрүүчүлөрү ийгилик жаратышты

 

2016-жылы 8-июлда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын чоң залында бүтүрүүчүлөргө, анын ичинде Герман эл аралык кызматташуу коомунун "Кесиптик-техникалык билим берүү жана жумуштуулукка көмөктөшүү" программасынын алкагында №27-кесиптик лицейдин "Кумтөр Голд Компанинин" стипендиялык программасынын катышуучуларына да тармактык сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу болуп өттү.

Бардык тогуз стипендиат №27-кесиптик лицейде окууну аяктап, кошумча көз карандысыз аттестациядан ийгиликтүү өтүп, анын сегизи "эң жакшы" деген баага тапшырышты. Сертификаттарды "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын персонал боюнча вице-президенти Деон Баденхорст салтанаттуу түрдө тапшырды.

"Бул жаш адистердин квалификациясын тастыктоочу сертификаттар КМШ өлкөлөрү менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да таанылат. Кесипкөйлүктүн айдыңын кеңейтип, болочок карьераны Кыргыз Республикасында гана эмес, андан сырткары да түзүүдө сөзсүз мүмкүнчүлүк бермекчи", - деп баса белгиледи Д.Баденхорст.

Программа Герман эл аралык кызматташуу коому (GIZ) тарабынан КРнын Соода-өнөр жай палатасы, Билим берүү жана илим министрлиги, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, "GOPA" компаниясы (Германия) менен бирдикте жана "Кумтөр Голд Компанинин" катышуусу менен өткөрүлүүдө. Кесипкөйлүк компетенциялардын көз карандысыз сертификациясы - бул тармактар жана иш берүүчүлөр тарабынан жетектелген көз карандысыз комиссия тарабынан билдирилген квалификациялык деңгээлдин алкагында иш жүзүндөгү билимдерди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү тастыктоо процесси.

Тармактык сертификаттар иш берүүчүлөр арасында улам көбүрөөк таанылууда жана бүтүрүүчүлөргө ишке орношууда жакшы келечекти ачууда. Аккредиттөө жана сертификаттоо боюнча долбоордун жетекчиси Юрген Вайс Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары квалификациялуу иштөөчүлөрдү ыңгайлуу жана ишенимдүү издөө үчүн Соода-өнөр жай палатасынын базасында сертификатталган адистердин маалыматтарынын электрондук базасы түзүлгөнүн билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: