super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында 14 чакырым жол капиталдык оңдоого муктаж

 

Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары Бишкекти Таш-Көмүр кенинин көмүрү менен камсыздоого кызыкдар. Мындай пикирин алар 18-июлда КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушууда билдиришти.

Жолугушууда шаардын ооруканаларындагы коорупциялык көрүнүштөр боюнча маселе көтөрүлдү. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, УЗИге көрүнүү баасы 2 миң сомду түзсө, акысыз кызмат көрсөтүүлөргө да акы алынат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов саламаттык сактоо министринин орун басарына кайрылып, аймактардагы медициналык мекемелердеги өз билемдик, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу зарылдыгын айтты.

Таш-Көмүр шаарынын ичиндеги 14 чакырым жол талкаланып, капиталдык оңдоого муктаж болуп турганы да айтылды. Өмүркулов жол маселеси өлкөдө актуалдуу экенин белгиледи. "Азыркы учурда өлкө башчынын демилгеси менен райондук, облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдор оңдолуп жатат. Анын ичинде Таш-Көмүрдөгү 6 чакырым жол оңдолууда. Баарын бир мезгилде бүтүрүү мүмкүн эмес, бирок акырындап иш жүрүп жатат. Бюджетти бекитүүдө КСДП фракциясынын депутаттары Таш-Көмүр шаарындагы жолдорду оңдоого да каржы бөлдүрүүгө аракет кылышат", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.07.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УЗИ 2000 сом болсо, анда көөп кетишиптир. Эгер жеке мед.клиника болсо анда сөз жок, бааны өздөрү коюшат. Бизде 500гө жетпейт. Менде мисалы хирургияда акысыз жасала турган эч нерсе жок, прейс курант боюнча. 5жашка чейинкилер,70жаштан жогорулар, I-II топтогу майыптарга гана бекер.
20.07.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_S,Билишимче сен Кербендиксин , бирок Нарында иштейсин , ээ ? Эми салыштырып кор да.
20.07.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш-Комурдо кекиртеги болушунча "кенеееееен"врачтар иштейт ...Жаман соз жазбайын го, бирок калкты качан караба нааалыганы наалыган.
21.07.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш Комуур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: