super.kg logo

18-июлдагы нөшөрлүү жамгырдын айынан жүргөн сел менен катуу шамалдын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилди

 

Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алимбек Давлетбеков кечээ жааган нөшөрлүү жаандан кийинки өлкөнүн аймактарындагы кырдаалдар боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, полковник Мухаммед Сваровдун жыйындагы баяндамасы боюнча, нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында сел жүрүп, Токмок шаарында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал болгон. Селдин айынан Ош-Айдаркен унаа жолунун 126-127-чакырымдары жабылып, тазалоо иштери аяктаган соң саат 17:47де ачылган.

Ушундай эле кырдаал Бишкек-Торугарт жолунун 134-144-чакырымында (Боом капчыгайында) да болгон. Нөшөрлүү жаандан сел жүрүп, унаалардын жүрүшүн кыйындатып, жолдун бир тараптуу тилкеси жабылган. Тазалоо иштерине 32, 955-жолду эксплуатациялоочу мекемелеринин кызматкерлери тартылып, бүгүн, 19-июлда саат 04:00дөрдө гана жолдун эки тилкеси тең ачылган.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы 436-438-чакырымдарына таш аралашкан ылай түшүп, унаа кыймылын оорлоштурган, учурда жол ачык.

Жыйындын жүрүшүндө Алимбек Давлетбеков ӨКМнын облустук башкармалыктарына сел менен катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иш-чараларын уюштуруу тапшырмаларын берди.

"Аймактарда Жарандык коргонуунун аймактык комиссиялары элдин жабыр тарткан катмарын изилдеп, материалдык чыгымдарды аныктоо үчүн иш жүргүзүшүүдө", - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: