super.kg logo

Ош. "Жаштык" лагеринде мыйзамсыз жашап жаткан 11 үй-бүлө көчүрүлдү

 

Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген тапшырмасына ылайык, 2010-жылдан бери “Жаштык” балдар лагеринде мыйзамсыз жашап жаткан 11 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. Ар бир үй-бүлөгө жер тилкеси бөлүнүп, убактылуу жашап турганга шарттар түзүлүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июлда билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабировдун айтымында, “Жаштык” балдар лагеринде жашап жаткан жарандарга бир ай мурун көчүп кетүү боюнча кат берилген.

“Бүгүн биз өкмөттүн тапшырмасы менен келип мыйзамдаштыруу багытын көздөп жарандарды көчүрүп жатабыз. Бул жарандарыбызга жер бөлүп берүү үчүн Ош шаардык мэриясынан атайын комиссия түзүлүп, текшерип жатат. Эгерде бул жарандардын башка жакта жашай турган үйлөрү болбосо, ар бир үй-бүлөгө 5 сотуктан жер бөлүп берүү пландалууда”, - деди Ш.Сабиров.

“Жаштык” лагеринен көчүрүлгөн 11 үй-бүлөгө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Курманжан датка-2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивине убактылуу жашап турууга 11 чатыр тургузулуп берилди.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу департаментинин директору Алтынбек Пирматовдун айтымында, 6 жылдан бери шаардагы балдар “Жаштык” лагерине келип эс алууга мүмкүнчүлүк албай келишкен. Ошондой эле лагерде мыйзамсыз жашап жаткан жарандарга көчүрүлүп келген Курманжан датка-2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивинен үй куруп алууга жер бөлүнөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.07.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бечаралар тим эле коюшпаптыр да...
KaiMak түзөттү 2016-07-19 17:32:25
19.07.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шухрат Сабиров озбекпи же Кыргызбы
19.07.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sher.ella,кыргызстандык озбек болушу мумкун
19.07.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы шааардын четине жайгаштырган.
19.07.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштарга акыры жер болсо да болунуп берилгени рас болсун.
20.07.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди бекер берсе го жакшы экен,жер Ошто оло кымбат болуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: