super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билишсин"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда мамлекет башчыга өлкөнүн шайлоо системин өркүндөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев БШКнын жаңы курамынын алдында күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана 2017-жылдагы президенттик шайлоону адилеттүү жана ачык өткөрүү милдети турганын белгиледи.

"Шайлоолордун ченемдик-укуктук базасын замандын талаптарына шайкеш келтирүү, ал эми шайлоолорду өткөрүү практикасын жана шайлоо комиссияларынын ишин жакшыртуу үчүн мындан ары да бардык аракеттерди көрүү керек. Шайлоолордо ачык жана атаандаштык шарттары түзүлүп, заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык-айкындуулук, адилеттүүлүк жана тазалык принциптерине ылайык өтөрүнө кепилдик болушу зарыл", - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, Кыргыз Республикасында шайлоо процессин реформалоодо буга чейин жасалган иштерди мындан ары да бекемдөө керек. “Алдыда боло турган шайлоолор биздин өлкөбүздө шайлоолор ачык жана адилеттүү өтөрүн дагы бир жолу ырастоого тийиш. Шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билишсин", - деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: