КҮНСЕРЕП: Өзбек ырчысы “Азия MIX” командасындагы жеңиши үчүн жазаландыбы?
Бүгүн, 21-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Өзбекстандын шоу-бизнес тармагын тескеген “Узбекнаво” эстрадалык бирикмеси эл аралык жарыштарга Кыргыз Республикасынын атынан катышып жүргөн “Азия MIX” КВН командасынын мүчөсү, ырчы Ситора Фармонованы жана дагы 2 ырчыны лицензиясынан ажыратты. Уюм мындай чечимин “артисттер лицензиялык келишимдин талаптарын бузушту” деп түшүндүргөн. Конкреттүү түрдө кайсы талаптар бузулганы айтылган жок. Ситора өзү лицензиясынын мөөнөтү бүткөнүн, жаңысын алууга документ жибергенин айтууда.
Ситора Фармонова өлкөбүздүн “Азия MIX” КВН командасында Өзбекстандын өкүлү катары оюн көрсөтүп келет. Соңку жылдары команда эл аралык жарыштарда ийгилик багынтуу үстүндө. 2015-жылы КВНдин Жогорку Лигасынын финалына чейин жетсе, 2016-жылдын 15-17-июль күндөрү өткөн
“Голосящий КиВиН-2016” фестивалында жеңүүчү аталды. Бул ийгиликтер коңшу өлкө үчүн жагымсыз болдубу же Ситора Фармонованы башка өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн адам катары көрүп жатышабы, белгисиз. Ситора Фармонованын ырчылык лицензиядан ажыратуу менен “жазаланганын” уккан Кыргыз жериндеги күйөрмандары аны колдоо иретинде акция башташты. Интернетте социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында ага Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнү сунуштап президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасагандар чыкты. Өлкө башчысы аталган КВН командасынын иштери менен дайыма кабардар жана колдоо көрсөтүп келет. 2013-жылы команда мүчөлөрүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында атайын кабыл алып, командага колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирсе, 2015-жылы командага президенттин атынан 1 миллион сомдук сертификат тапшырылган. 2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын атын эл аралык аренада таанытып жатканы үчүн команда капитаны Эльдияр Кененсаровдун энеси сыйланды. Жакында, 18-июлда команданы “Голосящий КиВиН-2016” фестивалындагы жеңиши менен куттуктап: "Кыргыздар ар бирибиз чыдамсыздык менен КВНдеги өзүбүздүн жылдыздарыбыздын чыгышын күтүп, силерге боор тартып, сыймыктанабыз. Силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер мекениңерге керек”, - деди президент. Андыктан Ситора Фармоновада башка өлкөдөн көмөк издөө зарылчылыгы жаралса, биздин өлкөдөн мындай жардам болоруна ишенүүгө болот.
Өзбекстанда 2015-жылдын июль айында 4 ырчы лицензиясынан ажыраган. Ошондо “Узбекнаво” бирикмесинен: “Артисттер үйүндө каалагандай жүрө беришсин, бирок эл алдына чыкканда улуттук баалуулуктарга урмат менен мамиле кылуулары керек”, - деп билдиришкен. Кыскасы, коңшу өлкөдө шоу-бизнес өкүлдөрүнө мамлекеттик көзөмөл күч.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган мыйзамга түзөтүүлөр кирди. Тагыраагы, мыйзамга “качкындар деп таануу жөнүндө өтүнүч кылган адамдардын шашылыш жапырт келүүсү” деген түшүнүк кошулду.
2016-жылкы расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 170тей "качкын" макамын алган жаран жашайт, көбү Ооганстандан келгендер. Сириядагы согуштук аракеттер да Кыргыз жериндеги качкындардын санын өстүрдү. Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын май айына карата Сириядан келген качкындардын саны 50нү түздү. Негизи, Сириядагы качкындарды эч бир өлкө кабыл алгысы жок. Бул аталган өлкөнүн жарандарын жеригенден эмес, качкындык абалга жамынып өлкөгө ИГИЛчилерди киргизип алуудан, улуттук коопсуздукка доо кетирип алуудан чочулашат. Албетте, “качкын” макамы жөн эле бериле бербейт. Өтүнүч менен кайрылгандарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тийиштүү текшерүүдөн өткөрүүсү зарыл. Өлкө качкындарды кабыл алуудан биротоло баш тарта албайт. БУУнун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын качкындарды кабыл алып туруу боюнча өзүнүн милдеттенмелери бар. Ал милдеттенмелерди жарандары каалайбы-каалабайбы, мамлекет аткарууга туура келет.
кошулду


