Жардамчысына кол чатырын карматып коомдо кызуу талкууга кабылган Бишкек шаарынын прокурору кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматынан бошотулду. SUPER.KG'ге Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ал кызматтан өз каалоосу менен арыз жазып кетти. "20-июлда арыз жазып, анын негизинде кызматтан алынды", - дешти прокуратурадан.
Буга чейин Нурлан Сулайманкулов Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада жардамчысына кол чатырды карматып коюп, өзү эки колун артка алып түшкөн сүрөтү интернет түйүндөрүндө кызуу талкууга алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
6

