super.kg logo

Мектеп окуучулары көл жээгинде окуу менен бирге көңүлдүү эс алып жатышат

 
Көл жээгине жөнөгөн окуучулар
Көлгө түшүүгө шашкан балдар
Сулуулар көлгө түшөр алдында сүрөткө түшүп жатышат.
Окуу эле эмес, эс алууну да билүү керек.
Окуучулар берилген тапшырманы аткарууга даярданышууда.
Тайпа башчысын "жасантып" жаткан учур
Тайпа башчысын "жасантып" жаткан учур
Жасанган окуучулар мода көрсөтүшүүдө.
"Селфилдешкендер"
"Баары сонун!"

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көл жээгиндеги окутуу программасы учурда кызуу уланууда. Окуучулар кереметтүү көл жээгинде окуу менен бирге көңүлдүү эс алып жатышат. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, окуучулар өз жөндөмүн, талантын көрсөтүү менен алек болушту. Эртең мененки эс алуу учурунда балдар-кыздар чогулткан гүл, дарактардын жалбырактары, тобурчак жана башка өсүмдүктөр менен тайпалаштарынын бирин кооздоп, жасантышты. Тайпа мүчөлөрү окуучуну кантип "жасантышканын" англис тилинде түшүндүрүп беришти. Оюндун максаты - колдо бар нерседен кооз, керектүү буюм жасатып, окуучулардын фантазиясын өнүктүрүү.

Эскерте кетсек, долбоор мамлекеттер аралык достук мамилени чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо максатында уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: