25 миң бөтөлкөгө жакын спирт ичимдигин мыйзамсыз ташып бараткан унаа кармалды

Мамлекеттик салык кызматы "чапталган акциздик маркасы шек жаратууда" деген негиз менен 24 904 бөтөлкө спирт ичимдигин ташып бараткан унааны кармады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы баасы 1 миллион 53 504 сомду түзгөн 24 904 бөтөлкө спирт ичимдиги Улуттук коопсуздук комитетине жеткирилген.
"Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте атайын жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде мыйзамсыз сатыкка чыгарылган спирт ичимдиктери алынды. Бишкек шаарында жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүү учурунда чапталган акциздик маркалар шек жараткан. Кармалган унаа спирт ичимдиктери менен Улуттук коопсуздук комитетине жеткирилген", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Биздин да ишибиз бир аз болсо да жеңилдейт эле.