Декларация: Өткөн жылы 1 миллион 42 460 сом киреше тапкан Иса Өмүркулов бир нече гектар жерге ээлик кылат

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов 2015-жылы 1 042 460,24 сом киреше тапканын өзүнүн берген декларациясында көрсөткөн. Ал бир нече гектар жерге жана 1 кашарга ээ (0,10-0,09-4,25-3,19-1,59-5,31-3,19-2,65-4,24 гектар жери бар).
Ал эми жакындары 532 000 сомго иштесе, 30,8 чарчы метр батирге, 99-204 чарчы метрди түзгөн 2 үйгө, 0,9 гектар жер үлүшүнө жана 73,1-73,1 чарчы метрге жеткен 2 жер аянтына ээ. Андан сырткары 1 жеңил, 1 оор жүк ташуучу унаалары бар (унааларынын үлгүлөрүн көрсөткөн эмес).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

