Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу изделүүдө
Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-июль күнү саат 07:30 чамасында Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен Хонда Фит унаасын сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен 7 жаштагы бала жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Патрулдук милиция жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуну издөөдө. Окуяга күбө болгондор (0312) 53-22-33 же (0701) 10-26-81 номурлары аркылуу байланышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.